Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:44

Беларуста бийликти жана согушту сындаган офицердин иши сотко өттү


Беларуста соңку президенттик шайлоодо өлкөнүн авторитардык башкаруучусу Александр Лукашенкодон башка талапкерди колдогон, Орусиянын Украинадагы согушун сындаган офицердин соту 15-февралда Минск шаардык сотунда карала баштайт. Бул тууралуу “Вясна” укук коргоо борбору билдирди.

310-артиллерия тобунун командиринин идеологиялык иштер боюнча орун басары, гвардия подполковниги Антон Черемныхка "аскер адамынын мамлекетке чыккынчылыгы" жана "социалдык кастыкты козутуу" деген беренелердин негизинде айыптар тагылган. Эгер сот тергөөнүн бул доосун туура деп тапса, ал 10 жылдан 20 жылга чейинки мөөнөткө камалышы ыктымал.

Офицер тергөө абагына бир жыл мурда камалган. Сот иши жабык каралганы жатат.

"Зеркало" басылмасы Антон Черемных менен чогуу кызмат өтөгөндөрдүн айтып бергенине таянып жазгандай, ал 2020-жылы президенттик шайлоодо Лукашенконун атаандашына добуш берген жана шайлоодон кийинки куугунтук башталганда армиядан кетүүнү пландап жүргөн. Ошондой эле ал Орусиянын Украинага кол салуусун ачык айыптап чыккан, солдаттарга идеологиялык багыт берүүчү жетекчи катары мамлекеттин үгүт көз карашын таңуулаганды каалачу эмес.

«Вясна» укук коргоо борборунун маалыматына караганда, соңку кезде өлкөдө саясий куугунтук күчөдү, күч кызматкерлери ар кайсы аймактарда жашаган кеминде 159 адамга барып, суракка алды, айрымдарын кармап кетти.

69 жаштагы Александр Лукашенко Беларусту 1994-жылдан бери башкарып келе жатат. Аны жети жолу президенттик шайлоонун жеңүүчүсү деп жарыялашкан.

Борбордук шайлоо комиссиясы 2020-жылдагы шайлоодо ал добуштардын 80% көбүнө ээ болгонун жарыялаган, бирок оппозиция жана көз каранды эмес байкоочулар добуш берүүдө жапырт бурмалоо болгонун айтып чыгышкан. Оппозициялык талапкер Светлана Тихановская өзүн жеңүүчү деп жарыялаган. Өлкөдө башаламандык тутанып, анын баары күч менен катуу басылган. Тихановская кысымга кабылып, мекенинен чыгып кеткен. Батыш өлкөлөрү Лукашенкону Беларустун мыйзамдуу лидери деп тааныбайт.

Президенттик шайлоонун талаштуу жыйынтыктарынан кийин башталган толкундоолордон соң бул өлкөдө журналисттерди кармоо да күчөгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG