Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:58

Кыргызстан менен Тажикстандын министрлери чек араны тактоо жөнүндө сүйлөштү


Жээнбек Кулубаев менен Сирожиддин Мухриддин. Дүйшөмбү, Тажикстан.
Жээнбек Кулубаев менен Сирожиддин Мухриддин. Дүйшөмбү, Тажикстан.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Дүйшөмбү шаарына жасаган эки күндүк расмий сапарынын алкагында Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин менен тар жана кеңейтилген форматта жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кабарлады.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кулубаев Кыргызстан Тажикстан менен ынак коңшулук мамилелерди мындан ары да бекемдөөгө умтуларын белгиледи.

“Министр Кулубаев белгилегендей, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин толук бүтүрүү тараптарга өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча эки тараптуу кызматташууну активдештирүүгө мүмкүндүк берет. Кыргыз тарап кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселесин ар бир тараптын кызыкчылыгын эске алуу менен тез арада жана өз ара пайдалуу чечүүгө умтулат” – деп айтылат ТИМдин маалыматында.

Эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин башчылары кыргыз-тажик мамилелеринин саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарындагы абалын жана келечегин талкуулашты. Дүйнөдөгү жана региондогу абал боюнча пикир алмашуу болду.

Тараптар ошондой эле БУУ, ЕККУ, ШКУ жана башка эл аралык уюмдардагы кызматташуунун алкагындагы өз ара кызматташууну талкуулашты. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында 2024-2026-жылдарга Кыргызстан менен Тажикстандын Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда кызматташуу программасына кол коюлду.

ТИМ мурдараак министр Жээнбек Кулубаев расмий сапар менен 4-5-февралда Тажикстанда болорун маалымдаган.

12-январда Баткенде өкмөттүк делегациялардын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов жолугушкан. Биргелешкен билдирүүдө чек ара аймагы боюнча орток пикир табылганы айтылган.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 11-декабрда Баткендин Ак-Сай айылында жаңы курулган мектептин ачылышында сүйлөгөндө Тажикстан менен чек ара 2024-жылдын жаз айларына чейин такталып каларын белгилеген.

Эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырым. (ErN)

XS
SM
MD
LG