Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:03

2023-жылы ЕЭАБдеги бажы алымдарын бөлүштүрүүдө дээрлик 24 млрд сом Кыргызстанга тийди


Кыргызстандын валютасы. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын валютасы. Иллюстрациялык сүрөт.

2023-жылы Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин аймагына товар ташып келүүдөн алынган бажы алымдарын бөлүштүрүүдө Кыргызстандын бюджетине 23 млрд 863 млн сом тийди. Бул тууралуу Кыргызстандын Финансы министрлиги кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, мунун 18,9 млрд сому Орусиядан, 3 млрд сому Казакстандан, 1,1 млрд сому Беларустан жана 790 млн сому Армениядан келген.

ЕАЭБ уюмунун 2014-жылкы келишимине ылайык, уюмдун аймагына товар ташып келүүдөн алынган бажы алымы ага мүчө мамлекеттерге бөлүштүрүлүп берилет. Тиешелүү протоколго ылайык, түшкөн каражаттын 85%дан ашыгы Орусияга, 7%га жакыны Казакстанга, 5%га жакыны Беларуска тиет. Кыргызстан 1,9% жана Армения 1,2% үлүштүк бажы алымдарын алат.

Кыргызстан уюмдагы бажы алымдарынан 2020-жылы 11,2 млрд сом, 2021-жылы 13,5 млрд сом жана 2022-жылы 16,25 млрд сом алган.

2023-жылдын январь айында Министрлер кабинети билдирүү таратып, 2022-жылы Кыргызстан ЕАЭБге берген суммасы, алган суммадан биринчи ирет көп болгонун билдирген. Өлкө бюджети мурдагы жылы 16,25 млрд сом алганы менен уюмдагы өнөктөштөрүнө кайра 20,11 млрд сом которуп берген. (ErN)

XS
SM
MD
LG