Президент Кыргыз футбол союзунун жетекчилигине Ташиевди сунуштады

Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаров “Мурас” футболдук мелдешинде. Архив.

Президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы (УКМК) Камчыбек Ташиевге Кыргыз футбол союзунун жетекчиси болуу сунушун бергенин билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчы улуттук “Кабар” маалымат агенттигине курган чакан маегинде айтты.

Президент Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын Катарда өтүп жаткан Азия кубогундагы оюндары тууралуу комментарий берип, Кыргызстанда акыркы убакта футболго шарттар түзүлүп, ырааттуу каржылоо башталганын кошумчалады.

“Бирок дароо эле жыйынтык күткөнүбүз адилетсиз болуп калат. Чындыгында, мурда футболчуларга жакшы көңүл бурулбай келген экен. Каржы маселеси толук чечилбептир. Былтыртан бери каржы маселесин чечип келе жатабыз. Стадиондорду дүйнөлүк стандартка ылайык келтирип, жаңылай баштадык. Быйыл беш миллион доллар акча бөлүп берели деген ниеттебиз. Кыскасын айтсам, жыйынтыгын, жок дегенде, үч-төрт жылдан кийин күтөлү да. Анын үстүнө Кыргыз футбол союзунун башында катуу көзөмөл кылган бирөө турбаса, жыйынтык чыгышы кыйын. Эң негизгиси, футболчулардын машыгуусуна кылдат көңүл буруш керек. Тартип болуш керек. Аны жакшы билебиз. Ошол үчүн кечээ Камчыбек Кыдыршаевичке: “Кыргыз футбол федерациясынын башына өзүң барчы” деп сунуш кылдым”, - деди президент.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын Катарда өтүп жаткан Азия кубогундагы ийгиликсиз оюнунан кийин 29-январда Футбол уюмунун президенти Медербек Сыдыков жана аткаруу комитети кызматтан кеткен. Алар уюмдун 19-февралда өтө турган кезексиз жыйынына чейин иштеп турат. Анда Кыргыз футбол союзунун президентин жана аткаруу комитетин шайлоо болот.

Талапкерлерди Кыргыз футбол бирлигине кирген регионалдык федерациялар, футбол клубдар жана ассоциациялар тарабынан дайындалган 28 делегат шайлайт. Ал эми футбол уюмунун президенттигине футбол тармагында активдүү роль ойногон адамдардын талапкерлиги көрсөтүлсө болот.

Футбол боюнча улуттук курама команда Азия кубогунда тайпадан чыкпай калды. “Акшумкарлар” тайпалык баскычта алгач Тайландга 2:0, Сауд Арабиясына да ушундай эле эсеп менен жеңилген. F тайпасындагы акыркы оюнунда Оман менен беттешип, 1:1 эсебинде тең чыгып, үч беттеште бир гана гол киргизди. (BTo)

Дагы караңыз

Украина мобилизация тууралуу жаңы мыйзамды талкуулай баштады30-январь: Мадумаровдун соту, эки комитет ЖМК долбоорун колдоду, Газа боюнча жаңы сунушМолдова бирдиктүү европалык төлөм системасына кошулууга арыз бердиПутин Түркияга февралда бара турганы айтылды Израил Газа боюнча жаңы сунушка макул экени кабарландыБеларуста дагы бир журналист эркинен ажыратылдыЗеленский Орусиядан бир айда 1000дей дрон жана ракета чабуулу болгонун айтты Акылбек Жапаров 2050-жылы ИДӨ 200 млрд долларга жетиши керектигин айттыПрезидент Жапаров социалдык үйлөрдү куруу тууралуу жарлык чыгарды