Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:29

Президент Жапаров социалдык үйлөрдү куруу тууралуу жарлык чыгарды


Президент Садыр Жапаров жарандарды социалдык батирлер менен камсыз кылуу жөнүндө жарлыкка кол койгонун Фейсбуктагы баракчасына 30-январда жазды. Анда мындан ары батир алууну каалаган бардык жарандар үчүн анын жарым баасын алдын ала төлөп үй алууга шарт түзүлөрү айтылган.

Жапаровдун айтымында, батирдин жарым баасын төлөгөн жаран эки жыл ичинде үйлүү болот жана калган баасын 10-15 жылда төлөөгө мүмкүнчүлүк алат. Бул чечимди аткаруу Мамлекеттик ипотека компаниясына (МИК) жүктөлгөн.

“Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, кечээ жакында алдамчы компаниялар элдин акчасын үлүш катары чогултуп алып, же батирден жок, же акчаларын кайтарып бере албай качып жүргөндөрүн көрүп, ушундай чечимге келдим. Мындан ары жарандардын батир алуу маселесин МИК аркылуу мамлекет колго алабыз”, - деп айтылат билдирүүдө.

Жапаров мамлекеттин үйлөрдү жапырт курууга чамасы жетпей турганын, келечекте бардык жаранга 20-25 жылда бөлүп төлөө шарты менен батир алууга мүмкүнчүлүк түзүлөрүн жазды.

Жапаров социалдык батирлер Кыргызстандагы 40 район борборунда, 32 кичи шаарда, 7 облус борборунда курула баштай турганын жазып, азыр салынып жаткан объектилердин тизмесин жарыялаган.

Садыр Жапаров 28-ноябрда Бишкекте жаштар форумунда азыр насыяга кезекте турган 13 миң адам келерки эки жылда ипотекалык үй менен толук камсыз болорун айткан.

Мамлекеттик ипотека компаниясы 2015-жылы өкмөттүн демилгеси менен элдин турак жай алуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу максатында түзүлгөн. Маалымат боюнча, соңку жылдары эки миңдей киши мамлекеттен жеңилдетилген шартта ипотекага үй алды. Турак-жайга муктаж дагы миңдеген киш кезекте турат.

XS
SM
MD
LG