Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:41

Украина мобилизация тууралуу жаңы мыйзамды талкуулай баштады


Жогорку Рада.
Жогорку Рада.

Украинанын министрлер кабинети 30-январда мобилизация жөнүндө мыйзамдын жаңыртылган долбоорун бекитип, Жогорку Радага киргизди. Коргоо министрлиги мыйзам долбоору боюнча сын-пикирлер Башкы штаб, өкмөт жана эл өкүлдөрү менен биргеликте эске алынганын билдирди.

Мыйзам долбоорунда аскердик абал учурунда кызмат өтөөнүн мөөнөтү так аныкталган. Бардык топтогу майыптар аскердик кызматтан бошотулат. Мобилизацияга келген ыктыярчылардын жеке маселелерин чечүү жана мобилизацияга даярдануу үчүн эки айлык мөөнөт берилет деп белгилейт "Украинская правда". Мындан сырткары согуш абалынын мезгилиндеги ар жылдык негизги өргүү бир жыл ичинде 15 календардык күндөн кем эмес бөлүнүп берилиши мүмкүн. Туткундан бошотулган аскер кызматкерлери кызматын улантууну чечсе, кошумча 90 күндүк өргүү алышат.

Мобилизациядан кийин бардык жарандар 2-3 ай бою милдеттүү аскердик даярдыктан өтүшөт. Өкмөт мобилизацияланган адамды дароо фронтко жөнөтүү мүмкүн эместигин белгилөөдө.

Мыйзамдын долбоорунда милдеттүү кызмат өтөөнү жоюу сунушталып, анын ордуна базалык аскерге даярдыкты киргизүү каралаган. Мындай даярдыктан өткөн 18-24 жаштагы жарандар 5 айлык аскердик окууну качан өтөөрүн өзү чечет. Ошол эле учурда мобилизациялангандардын жумуш орду сакталып калат. Бул азыркы иштеп жаткан мыйзамда жоктугун "Украинская правда" басылмасы жазды.

Жогорку Рада мыйзамдын долбоорун карап чыгып, февралда добуш берет деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG