Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:25

Беларуста дагы бир журналист эркинен ажыратылды


Александр Зеньков.
Александр Зеньков.

Беларуста бүгүн 30-январда дагы бир кабарчы соттолду. Минск шаардык сотунун өкүмү менен фотожурналист Александр Зеньков экстремизмге айыпталып, үч жылга эркинен ажыратылды.

Судья Жанна Брысина чыгарган өкүмдө Зеньков өлкөдө экстремисттик деп таанылган ex-press.by сайтынын ишине катышканы үчүн күнөөлүү деп табылды.

Көз каранды эмес Жалпыга маалымдоо каражаттарына (ЖМК) жана демократиялык институттарга басым күчөгөн Беларуста, бул өлкөнүн эркин журналисттер бирикмесинин маалыматына караганда, азыркы тапта 35 журналист камакта отурат.

Мындан тышкары, бийликти сындаган, акыйкат жана атаандаштык шартында шайлоо өткөрүүнү талап кылган бир нече саясатчы жана активист да камакта кармалууда.

1994-жылдан бери Беларуста Александр Лукашенконун авторитардык башкаруусу уланууда. (RK)

XS
SM
MD
LG