Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:01

Акылбек Жапаров 2050-жылы ИДӨ 200 млрд долларга жетиши керектигин айтты


Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанда эң ыңгайлуу, жөнөкөй салык системасы түзүлүшү керектигин билдирди. Ал 30-январда Бишкекте өткөн II Улуттук салык форумунда билдиргендей, система жөнөкөй болгондо гана салыктар өз мөөнөтүндө төлөнүп турат.

Жапаров мамлекеттик кирешелерди жакшыртуу менен өлкөдө маяналар жалпы 120 млрд сомго көтөрүлгөнүн, пенсия, жөлөкпулдар эки-үч эсеге өскөнүн белгиледи. Мындан ары бул көрсөткүчтөр сакталып кала берерин, алдыда экспорт менен инвестицияга маани бериле турганын айтты.

Ошондой эле Европадагы эл аралык аналитикалык институттар 2050-жылы Кыргызстандын ички дүң өнүмү (ИДӨ) 20 млрд долларга араң жетип, Борбор Азиядагы артта калган өлкө болорун божомолдоп жатканын айтып, өкмөттүн бул багыттагы дымагы тууралуу сөз кылды.

“2030-жылга чейин Кыргызстандын ички дүң өндүрүмүнүн көлөмүн 30 млрд долларга жетиши үчүн биз ИДӨнү жыл сайын 10-11,5% темп менен өстүрүшүбүз керек. Албетте, мындай темпти кармоо кыйын, бирок ишке ашырса болот. 2022-жылы 9% өскөнүбүздү көрүп жатасыздар. Ал эми 2050-жылга чейин 200 млрд долларлык чекке жетүү үчүн жылына өсүү темпи 10,3% кем эмес болушу керек”, - деди Жапаров.

Ал бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү үчүн диалогго ачык экенин, ишкерлердин укугун коргоо үчүн күч органдары жардам бериши керектигин кошумчалады. Ошондой эле салык системасын жакшыртуу, заман талабына жараша жаңылап туруу иштери уланарын айтты.

2023-жылдын январь-декабрында Кыргызстандын ички дүң өнүмү (ИДӨ) 1 трлн 200 млрд сомду түзүп, мурдагы жылга салыштырмалуу 6,2% өскөнүн 15-январда Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов узаган жылдын баштапкы жыйынтыктарын жарыялап жатып билдирген.

XS
SM
MD
LG