Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:34

Зеленский Орусиядан бир айда 1000дей дрон жана ракета чабуулу болгонун айтты


Киев. 2024-жылдын 2-январы.
Киев. 2024-жылдын 2-январы.

Январь башталгандан бери Орусия Украинага 1000ге жакын ракета жана дрон учурганын өлкө президенти Владимир Зеленский бүгүн 30-январда бир катар аймактарда ракеталык чабуул тууралуу эскертүү берилген, кеминде үч кишинин өмүрү кыйылган окуядан кийин билдирди.

«Жыл башынан бери Орусия Украинанын шаарларына түрдүү типтеги ракеталардан 330дөн ашуун, согуштук дрондордон 600дөй сокку урду», — деген пост жазды Зеленский X социалдык түйүнүндө (мурдагы Twitter).

"Ушундай террордук басымга туруштук бериш үчүн бизге аба мейкиндигибизди коргогон күчтүү калкан керек. Дал ошондой калканды биз өнөктөштөрүбүз менен бирге куруп жатабыз", - деген украин президенти «Абадан жана радиоэлектрондук коргонуу системалары биз үчүн артыкчылыктуу муктаждык. Орусиянын террору токтотулушу керек – бул колдон келет», - деп кошумчалады.

Европа Биримдигинде 1-февралда өтө турган Украина маселеси каралчу кезектеги саммитке даярдык көрүлүүдө. Биримдиктин лидерлери бул саммитте Украинага «өз убагында, макулдашылган жана туруктуу аскердик жардамды улантууга» чечкиндүү макулдугун билдиргени жатышат. Reuters агенттиги саммиттин жыйынтык документинин долбоору менен таанышып чыкканын, анда «Европа Биримдиги курал-жарак жана ракета жөнөтүүнү тездетүү өтө зарыл болуп турганын тастыктайт» деп жазылганын маалымдады.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 29-январда Конгрессте НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг катышкан жыйында сүйлөп жатып АКШнын каржылык колдоосу уланбаса Украинанын эки жылдагы согуштагы ийгиликтерине коркунуч жараларын белгилеген. (RK)

XS
SM
MD
LG