Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:38

Молдова бирдиктүү европалык төлөм системасына кошулууга арыз берди


Анка Драгу. 2024-жылдын 30-январы.
Анка Драгу. 2024-жылдын 30-январы.

Молдованын башкы банкы (BNM) бүгүн 30-январда расмий түрдө Төлөмдөр евро менен жүргүзүлүүчү бирдиктүү зонага (SEPA) кошулууга арыз берди. Бул жөнөкөйлөштүрүлгөн төлөм системасы Батыш Европа аймагындагы өлкөлөргө накталай эмес банктык которууларды жана түз дебеттик төлөмдөрдү евро менен оңой жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

"Бүгүн Молдова үчүн тарыхый күн – Молдованын Улуттук банкы европалык каржы системасынын бир бөлүгү болгусу келерин так жана ачык-айкын айткан күн", - деди мекеменин жетекчиси Анка Драгу Кишиневдо арызга кол коюу иш-чарасында.

Анын айтымында, бул система менен акча 24 саат ичинде которулат, азыр тейлөө акысы 20-50 евро болсо, эми 2-3 евро гана болот.

Насыялык которууларды жана түз дебет операцияларын жүргүзүү максатында 2009-жылы түзүлгөн SEPA бүгүнкү күндө 36 өлкөнү байланыштырып турат. 2014-жылы ал еврону бирдиктүү валюта катары колдонуп жаткан бардык өлкөлөрдө кеңейтилген. Ар бир өлкөнүн стандарттары ич ара макулдашылып, тоскоолдуктар жоюулуп туруучу бул система аркылуу аймактагы өлкөлөрдүн экономикасынын натыйжалуулугун жогорулатылып келет.

Молдова Европадагы экономикасы оор абалдагы, эли эң жакыр өлкөлөрдүн бири.

2020-жылы президенттикке европалык интеграцияны жактаган Майа Санду келгенден бери мурдагы советтик республика Молдова Орусиянын таасиринен алыстап, Европага интеграциялоо аракетин көрүүдө.

2022-жылдын июнь айында ал Европа Биримдигине талапкер өлкө деген расмий макам алган, бул багытта сүйлөшүүлөр декабрь айында активдүү жүргүзүлө баштады. (RK)

XS
SM
MD
LG