Аба ырайы: Бишкекте сууктун күчү -13 градус болот

Иллюстрациялык сүрөт.

Синоптиктер билдиргендей, 22-январда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Маалыматта күндүз Ысык-Көлдүн айрым жерлерине кар жаап, түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым аймактарына туман түшөрү, жолдор тоңголок тартып, тайгак болору айтылган. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге, Ысык-Көлдө 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -9…-14 суук, күндүз +3…+8 жылуу.

Суусамыр өрөөнүндө түн ичинде -26…-31, күндүз -8…-13 суук.

Таласта түнкүсүн -8…-13, Күн чыккандан кийин +3…+8 жылуу.

Баткен,Ош, Жалал-Абад облустарында түн ичинде 0…-5 градус, күндүз +6…+11.

Ысык-Көл облусунда түн ичинде -5…-10, күндүз -4…+1 градус болот.

Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы -5…7 градус суук, күндүз 2 градуска чейин суук болушу күтүлөт.

Нарындын дыйканчылык аймактарында түн ичинде суук -13…-18 градус, ал эми күндүз -5…-10, бийик тоолуу райондорунда түнкүсүн -23…-28, күндүз -11…-16 суук.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын түнкүсүн -11…-13 гардус суук болот, күндүз 5…7 градус жылуу болот.

Дагы караңыз

Зеленский Батыш менен жаңы келишимдерге кол коюларын билдирди Ооганстанда Москвага бара жаткан орусиялык учак кулап түштү Башкыр активисти Фаил Алсынов абактан кат жазып, камалгандарды колдоого чакырды Екатеринбург: Полициянын кодулоосуна туш болгондордун арасында кыргызстандыктар барЛенинграддагы мунай кампасы дрондор менен аткыланды Туманбаев "Аврора Грин" коттеждери мамлекетке өткөнүн билдирди24.kg агенттиги мүлкүн камактан чыгаруу тууралуу өтүнүч менен УКМКга кайрылды