Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:22

24.kg агенттиги мүлкүн камактан чыгаруу тууралуу өтүнүч менен УКМКга кайрылды


УКМКнын кызматкерлери 24.kg агенттигине тиешелүү жабдууларды алып кетип жатат. 2024-жылдын 15-январы.
УКМКнын кызматкерлери 24.kg агенттигине тиешелүү жабдууларды алып кетип жатат. 2024-жылдын 15-январы.

24.kg маалымат агенттигинин директору Асел Оторбаева редакциянын кеңсесин ачып, мүлкүн камактан чыгарып, кайтарып берүү өтүнүчү менен Улуттук мамлекеттик коопсуздук комитетине (УКМК) кайрылды.

Медианын сайтындагы маалыматка караганда, Оторбаева УКМКнын башкы башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүсү Эрлан Акынбековго жазган өтүнүч катында алардын кеңсеге кириши эмне себептен жана эмненин негизинде чектелгенин билбей жатканын белгилеген.

"Талаштуу макаланын эч кандай терс кесепеттери же резонанстар катталган жок. Тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында материалдык зыян келтирилген эмес", - деп айтылат катта.

Мыйзамга ылайык өндүрүшкө алынган жазык иш боюнча мүлктү камакка алуу токтомун судья тергөөчү прокурордун макулдугу менен чыгарат.

"Камакка алуу эгерде шектүүнүн же айыпталуучунун кылмыштуу иш-аракеттеринен улам ал кылмыш куралы же каражаты катары колдонулган же колдонууга ниеттенген делип эсептелгенде гана жүргүзүлүшү мүмкүн", -деп айтылат катта.

Асел Оторбаеванын маалыматы боюнча, медианын камакка алынган мүлкүнүн протоколу берилген эмес жана кеңсе кандай негизде мөөр басылып, жабылганы белгисиз.

15-январда 24.kg агенттигинин имаратына УКМКнын кызматкерлери капысынан келип, анын жетекчиси Асел Оторбаеваны, редакторлор Антон Лымарды жана Махинур Ниязованы кармап кеткен. Алар сурак берип чыккан. Кийин медиага карата "согушту пропагандалоо" деген 497-берене боюнча кылмыш иши козголгону маалым болгон.

16-январда болсо Ички иштер министрлиги Кылмыш-жаза кодексинин "массалык тартипсиздик" 278-беренесинин 3-бөлүгү боюнча ("бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык тартипсиздикке чакыруу, ага тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакыруу") боюнча кылмыш ишин козгоп, он бир журналистти жапырт кармаган.

17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту журналисттердин бөгөт чарасын карап, аларды эки айга камады.

19-январда президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген интервьюсунда сөз эркиндигин, медиа-коомчулукту жана көз карандысыз журналистиканы колдоо үчүн бөлүнгөн гранттык каражаттар “туура эмес багытта” колдонулуп жатканын айтты.

“Бул гранттык каражаттар максатка ылайыксыз пайдаланылып, бийликтин беделин түшүрүү, мамлекеттик саясатты жаманатты кылуу, коомчулукту дүрбөлөңгө салуу, Конституциялык түзүлүшкө каршы чыгууга үндөп, улуттук коопсуздукка коркунуч жараткан анык эмес маалыматтарды таратууга жумшалып жатат”, - деген ал.

Журналисттердин камалышына АКШнын мамлекеттик департаменти, ЕККУ, Евробиримдик, Улуу Британия баштаган бир топ мамлекеттердин Кыргызстандагы элчиликтери, Орусиянын эркин журналисттери, Human Rights Watch, Адам укуктары боюнча Хельсинки комитети баштаган бир катар эл аралык уюмдар кабартырлануусун билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG