Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:58

Туманбаев "Аврора Грин" коттеждери мамлекетке өткөнүн билдирди


"Аврора Грин" пансионатындагы коттеждердин бири. Каныбек Туманбаевдин Facebook баракчасынан алынды.
"Аврора Грин" пансионатындагы коттеждердин бири. Каныбек Туманбаевдин Facebook баракчасынан алынды.

Талашта болуп келген "Аврора Гриндеги" 31 коттеж жана 2 корпус толугу менен мамлекетке кайтарылып, "Аврора" санаторийинин карамагына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев Facebook баракчасына жазды.

Ал ошондой эле бул коттеждерге жакын жайгашкан "Аврора" санаторийи да мындан бир жарым жыл мурда иш башкармалыкка өткөндөн кийин "жакшы натыйжа бере баштады" деп маалымдаган.

"Алсак, "Аврора" санаторийи толугу менен санариптештирилди, акылдуу кулпулар орнотулуп, накталай эмес төлөм жүргүзүүгө өттү. Эми кызмат акысын кардарлар онлайн төлөсө болот, бул кадам менен коррупциялык элементтер жоюлду. Санариптештирүү аркылуу Бишкектен эле санаторийге канча адам кирип чыкканын көзөмөлдөөгө мүмкүн болуп калды", - деп жазды ал.

"Аврора Грин" комплекси боюнча соттук талаш-тартыштар 2010-жылдан бери уланып келаткан. Апрель окуяларынан кийин Убактылуу өкмөт декрет чыгарып, мурдагы президент Курманбек Бакиевдин өзүнө жана жакындарына тиешелүү бир катар мүлктөрдү мамлекетке кайтарган. Алардын катарында Марат Бакиевге таандык делген "Аврора Грин" дагы бар.

Өткөн жылы "Аврора Гриндин" үлүшчүлөрү Садыр Жапаровго мүлкүн кайтарып берүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Бул участокту алар 2008-жылы 49 жылга ижарага алып, ал үчүн 250 миң доллар төлөшкөн жана комплекстин өзүн курууга 2,5 миллион доллар сарптаганын билдиришкен.

Жарым-жартылай салынып токтоп калган пансионаттын алгачкы курулушун баштагандардын катарында Асангул Байгабылов, Сабат Исакунов бар, алардын маалыматы боюнча, 21 киши акча топтоп "Аврора Гринди" кура башташкан. 2023-жылы Ысык-Көл облустук соту үлүшчүлөрдүн "Аврора Гриндеги" мүлктүк укуктарын калыбына келтирген. Бирок "Аврора" санаторийи менен Ысык-Көл облустук прокуратурасы бул чечимге каршы Жогорку Сотко арыз жазышкан. Жыйынтыгында Жогорку Сот облустук соттун чечимин жокко чыгарып, райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Ага ылайык акыркы чечимди Министрлер кабинети кабыл алмакчы болгон.

"Аврора Грин" "Дастан" трансулуттук корпорациясы" ачык акционердик коомунун мурдагы башчысы Алексей Ширшовго жана Курманбек Бакиевдин уулу Маратка тиешеси бар экени айтылып келатат.

Былтыр Ширшов "коррупция" беренеси менен кармалып, 10-майда үй камагына чыккандан кийин оппозициялык "Бириккен демократиялык кыймылы" президент Садыр Жапаровго кайрылган. Анда алар президент Садыр Жапаров "Алексей Ширшовго Кыргызстандын укук коргоо органдары тарабынан эч кандай кылмыш иши козголуп, издөө салынган эмес" деп интервью бергенине нааразычылык билдиришкен. "Бириккен демократиялык кыймылдын" маалыматы боюнча, Алексей Ширшов Максим Бакиевдин жакын адамы катары "Кыргызтелеком", "Түндүк электр", "Кыргызгаз", "Витязь", "Каприз", "Аврора плюс" жана "Аврора Грин" пансионаттарын менчиктештирүү учурундагы коррупциялык схемаларды уюштурганы үчүн ага көптөгөн кылмыш иштери жана сот өкүмдөрү чыккан.

XS
SM
MD
LG