Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:41

Зеленский Батыш менен жаңы келишимдерге кол коюларын билдирди


Украинанын президенти Владимир Зеленский.
Украинанын президенти Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский ишембинин кечинде жасаган видеокайрылуусунда Батыштагы өнөктөштөр менен бир катар жаңы, эки тараптуу келишимдер даярдалып жатканын, февраль айында аларга кол коюлушу күтүлүп жатканын билдирди.

Орусия 2022-жылдын февраль айында Украинага басып киргени Батыш өлкөлөрү Украинага аскердик жана башка жардам көрсөтүп келет. Согуш үчүнчү жылга созулуп, соңку 12 айда фронтто чоң өзгөрүүлөр болбой, жардам маселесинде АКШда каршылык күчөгөндүктөн соңку айларда өлкөгө зарыл каражат, жабдуулар жай келип жатат.

Зеленский бир нече жумадан бери өнөктөштөр менен сүйлөшүп, көбүрөөк саясий жана аскердик колдоо алууга аракет кылууда. Ал Орусиянын кышкы аба соккуларынын көбөйүшү жана Москванын Украинанын чыгышындагы жай, бирок катаал чабуулу Киевдин абадан жана жерден коргонуусун күчөтүү зарылдыгын көрсөтүп жатканын кайталап келет.

Январдын башында Киевдин ишенимдүү колдоочуларынын бири болгон Британия келерки жылы Украинага колдоосун 2,5 миллиард фунт стерлингге (3,19 миллиард долларга) жеткирерин билдирген.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон февралда Украинага эки тараптуу коопсуздук кепилдиги боюнча келишимди аягына чыгаруу үчүн барарын билдирген. Ага ылайык Париж заманбап курал-жарактарды, анын ичинде алыскы аралыкка учуучу канаттуу ракеталарды жеткирери айтылган.

XS
SM
MD
LG