Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:23

Ленинграддагы мунай кампасы дрондор менен аткыланды


Усть-Луга портундагы мунай сактоочу терминал. Архивдик фото.
Усть-Луга портундагы мунай сактоочу терминал. Архивдик фото.

Ишембиден жекшембиге оогон түнү Ленинград облусунун Усть-Луга деңиз портунда катуу өрт чыгып, "Новатэк"компаниясынын терминалындагы газ сактай турган кампа күйүп кетти. Ленинград облусунун губернатору Александр Дрозденко өрттөн жабыркагандар жок экенин, кызматкерлер эвакуацияланганын билдирди.

Орусиянын расмий бийликтери өрттүн себебин айтпаганы менен, бул окуя Украинанын аба күчтөрүнүн чабуулунун кесепети экенин маалымат каражаттары жазып жатат. "Фонтанка" маалымат булагы өрткө дрондордун чабуулу себеп болгонун жазса, 47.news маалымат агенттиги өрттүн видеосун жарыялап, эки дрондон аткылоо болгонун тактады. Ленинград облусунун Кингисепп районунун үстүнөн саат 00:30 чамасында дрондор байкалып, Усть-Лугага түнкү 03:20 чамасында кол салуу болгонун маалымдады.

Усть-Лугада "Новатэк" компаниясынын ири мунай заводу жайгашкан. Ал газ конденсатын иштетип, нафта, керосин, дизел жана мазут чыгарат. Ошол жерден компаниянын порттогу өзүнүн терминалы аркылуу продукция кемелерге жүктөлүп, экспортко жөнөтүлөт. "Фонтанка" жазгандай, жекшемби күнү кечинде портто Бельгиядан, Омандан жана Ливиядан келген үч кеме турган.

Ушул эле жекшембиге оогон түнү Орусиянын Тула, Смоленск жана Орлов облустары да учкучсуз учактардын чабуулуна туш болду. Дрондорду Орусиянын абадан коргонуу күчтөрү атып түшүргөн. Туланын тургундары Телеграм каналдарга "Щегловский вал" заводу жабыркаганын жазышты, бирок, облустун жетекчилиги бул маалыматты тастыктай элек.

Орусиянын Коргоо министрлиги учкучсуз учактардын чабуулдарын "Киев режиминин террордук аракеттери" катары баалап келет. Украин тарап, адатта, мындай окуяларга комментарий бербейт.

XS
SM
MD
LG