Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:16

Башкыр активисти Фаил Алсынов абактан кат жазып, камалгандарды колдоого чакырды


Фаил Алсыновду коргоо акциясына чыккандар. 2024-жылдын 17-январы.
Фаил Алсыновду коргоо акциясына чыккандар. 2024-жылдын 17-январы.

Өткөн аптада 4 жылга кесилген башкыр активисти Фаил Алсынов өзүн колдогон тарапкерлерине тергөө абагынан кат менен кайрылды. Анда ал санаалаштарын мыйзамды сактап, зордук-зомбулуктан алыс болууга үндөдү.

17-январда Баймак шаарында Алсыновду соттогон маалда аны колдоп чыккан миңдеген адамдар менен полициянын ортосунда кагылышуу болгон. Күч органдары окуядан улам жапырт башаламандык беренеси менен кылмыш иши козгоп, баш-аягы 17 адамды камакка алды.

Алсыновдун катын анын жактоочусу Ильнур Суюндуков (Сүйүндүков) жарыялады. Кат башкыр тилинде жазылган.

Алсынов Челябинск облусундагы Магнитогорск шаарынын тергөө абагында жатканын, башкача айтканда аны Башкырстандан алып чыгып кеткенин жазган. Активисттин ырасташынча, 17-январдагы окуяларга катышкандардын арасында "адамдарды мыйзамсыз аракеттерге түрткөн чагымчылар болгон. Полицияга каршылык көрсөтүп, соттун имаратына кирип баруу таптакыр туура эмес" деп белгилейт Алсынов. Ал жактоочуларын "мыйзам чегинде гана" аракеттенүүгө чакырган. Активисттин пикиринде, Башкырстандын бийлиги, анын ичинде республиканын башчысы Радий Хабировго да нааразылык акциясына чыккандарды "экстремисттер катары" көрсөтүү пайдалуу.

Алсынов акциянын камакка алынган катышуучуларын колдоого чакырган.

Ишемби күнү Баймак окуясына байланыштуу массалык башаламандык боюнча биринчи айыпталгандар белгилүү болду. "Медиазона" билдиргендей, Уфанын райондук соту нааразылык акциясынын катышуучусу Вилюр Карачуринди тергөө абагына камакка алды. Тополоңго катышуудан тышкары, ал күч структурасынын кызматкерине карата өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирбеген зомбулук көрсөткөн деп айыпталууда.

Дагы бир айыпталуучу, активист Ильяс Байгускаров 17-январда Баймак шаарында кармалган. Кийинчерээк аны кое беришкен, бирок 18-январдын түнүндө кайра Уфада кармашкан. Анын бөгөт чарасы тандалганбы же жокпу азырынча белгисиз.

17-январда Баймак соту Алсыновду төрт жылга эркинен ажыратты. Буга анын 2023-жылдын апрель айында Баймак районунун Ишмурзино айылындагы элдик жыйында сүйлөгөн сөзү себеп болгон.

Активистке каршы иш Башкырстандын башчысы Радий Хабировдун арызынын негизинде козголгон. Тергөө Алсынов "Кавказдын жашоочулары", "Орто Азиянын жашоочулары" жана "армяндар" деген сөздөрдү колдонуп, кишилер тобунун адамдык ар-намысын кемсинткен деп билдирген.

Адвокаттын айтымында, активистти "кара халык" деп айтканы үчүн айыпташкан. Бирок бул жерде сөз "кара" эмес, "карапайым адамдар" деген мааниде айтылган. Активист коюлган айыптоолордун баарын негизсиз деп четке кагууда.

Башкырстандын башчысы Радий Хабиров бейшембиде Алсыновдун тарапкерлеринин полиция менен элдин кагылышуусун комментарийлеп жатып, "экстремизмге жана кырдаалды курчутуу аракеттерине чыдабай" турганын айтып, жикчилдикке айыпталып жаткандардын "чыныгы жүзүн ачып көрсөтөрүн" билдирди.

Amnesty International баштаган бир катар эл аралык уюмдар ишти акыйкат карап, камалгандарды бошотууга чакырып жатат.

XS
SM
MD
LG