Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:25

Ооганстанда Москвага бара жаткан орусиялык учак кулап түштү


Баштапкы маалыматтарга караганда учак Индиядан Москваны көздөй учуп бара жаткан. Ал ишемби күнү кечинде радардан көрүнбөй, байланышка чыкпай калган. Ооганстандын Бадахшан провициясынын тургундары түнү кулаган учактын үнүн угуп, полицияга кабарлаган.

Росавиация Telegram баракчасына "алдын ала маалыматтар боюнча, учакта алты адам, анын ичинде төрт экипаж мүчөсү жана эки жүргүнчү болгон" деп билдирди. Агенттиктин айтымында, учак Индиянын Гая шаарынан учуп, Ташкентке, андан ары Москвага учуп бараткан. Орус мамлекеттик ТАСС агенттиги учакта эки орус жараны болгонун кабарлады.

Бадахшандын маалымат департаментинин өкүлү Забиулла Амири окуя болгон жерге куткаруу-издөө топтору жөнөтүлгөнүн билдирди. Азырынча учак табыла элек жана экипаж мүчөлөрүнүн жана жүргүнчүлөрдүн тагдыры белгисиз. Учак кулаган жер Тажикстан менен чектеш аймактагы тоо арасында экени айтылууда. Орус авиациялык мекемеси Ооганстан жана Тажистандын авиация мекемелери менен байланышып жатат.

XS
SM
MD
LG