Балбак Түлөбаев президентти медиа коомчулук менен диалогго келүүгө үндөдү

Балбак Түлөбаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев парламенттин 18-январдагы жыйынында жалпыга маалымдоо каражаттарына жана камакка алынган журналисттер боюнча пикирин айтып, президент Садыр Жапаровду медиа коомчулук менен диалогго барууга чакырды. Ал журналисттер да ич ара тазаланышы керек деген оюн билдирди.

“Парижде, Токиодо, Нью-Йоркто жана Вашингтондо отурган эксперттер биздин ички саясатыбызды үтүр-чекитине чейин билбейт. Ошондуктан өлкөдөгү өзүбүздүн журналисттер менен сот, прокуратура, ички иштер органдарын жаныңызга алып алып сүйлөшүңүз. Медиа коомчулук менен мунасага келиңиз. Азыр жөнөкөй көрүнгөнү менен алдыда залакасы тиет. Өлкөбүз өсүп-өнүгүп келатат. Эч кимге жалдырабай өзүбүздүн саясатты жүргүзгөнгө аракет кылып атабыз. Бирок ушуга окшогон кээ бир нерселер залакасын тийгизет. Ошон үчүн журналисттерди чогултуп сүйлөшүңүз”, - деди Балбак Түлөбаев.

17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча Медианын” жана “ПолитКлиника” басылмасынын 11 кызматкерин 13-мартка чейин камакка алды.

Алар – “Темиров LIVE” редакциясынын кызматкерлери Максат Тажыбек уулу жана Акыл Орозбеков, кабарчысы Айке Бейшекеева, редакциянын мурдагы кабарчысы, “Нур пресс” медиасынын журналисти Жоодар Бузумов, “Темиров LIVE” редакциясынын, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкерлери Сапарбек Акунбеков жана Азамат Ишенбеков, аталган долбоорлордун директору, Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы Махабат Тажыбек кызы, “Темиров LIVE” редакциясынын мурдагы журналисти, учурда “Арча Медиада” (мурдагы Next TV медиасы) иштеген Сайпидин Султаналиев жана азыр “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаров, ошондой эле Жумабек Турдалиев аттуу кызматкер жана 2022-жылы жайында “Темиров LIVE” каналынан кетип, ошол жылдын сентябрынан тартып “ПолитКлиникада” иштей баштаган Тыныстан Асыпбеков.

16-январдын таңында Ички иштер министрлиги алардын үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен.

ИИМ “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” менен иш козголгонун билдирди.

Камакка алынган журналисттер коюлган айыпты четке кагып жатышат. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда.

15-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери Бишкекте 24.kg агенттигинин кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, техникасын алып кетип, директору Асел Оторбаеваны, башкы редакторлор Махинур Ниязова менен Антон Лымарды суракка алган. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Согушту пропагандалоо” беренеси боюнча тергелип жатат. Атайын кызмат иш кайсы материал же маалымат боюнча ачылганын тактай элек. (BTo)

Дагы караңыз

Аламүдүн капчыгайында жоголгон адам табыла элекУКМК мурдагы премьерлердин биринин жакынына издөө жарыялаганын билдирди Кемпир-Абад иши: Министр Кулубаев абактагылардын катына жооп бердиДепутат Атамбаев журналисттердин укугун коргоого бийликти чакырдыТик учак кырсыгында жабыркагандардын абалы туруктууAI кавказдык качкындарды Орусияга өткөрбөөгө чакырды Запорожьедеги аткылоодо "Азаттыктын" украин кызматынын кабарчысы жараат алды Башкырстанда полиция менен кагылышууда кармалгандар камакка алынды