Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:19

Кемпир-Абад иши: Министр Кулубаев абактагылардын катына жооп берди


Кемпир-Абад иши боюнча камалгандарды бошотуу акциясында тартылган сүрөт.
Кемпир-Абад иши боюнча камалгандарды бошотуу акциясында тартылган сүрөт.

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кемпир-Абад иши боюнча шек саналып жаткан саясатчылар Мамбетжунус Абылов, Равшан Жээнбеков, Бектур Асанов жана Азимбек Бекназаровдун катына жооп берди.

Алар адвокат Акын Ававбеков аркылуу министрге 2023-жылдын 23-декабрында кат жиберип, “президент Садыр Жапаровдун Элдик курултайда бул иште шек саналгандардын бири кайсы бир өлкөнүн элчичинен акча алган” деген сөзүн териштирүүнү талап кылышкан. Алар “эгерде бул маалымат тастыкталса, министрлик элчини Кыргызстандан чыгарышы керек экенин” белгилешкен.

Жээнбек Кулубаев “бул иш сотто жабык каралып жаткандыктан, Тышкы иштер министрлигинде берилген суроо боюнча маалымат жок экенин” жазган.

Былтыр 16-декабрда экинчи Элдик курултайда президент Садыр Жапаров Кемпир-Абад иши боюнча сотту ачык өткөрүү тууралуу суроолорго жооп берген учурда, “алардын уюштуруучусу чет мамлекеттин элчисинен акча алганын, ошого байланыштуу сот жабык өтүп жатат” деп айткан.

Кемпир-Абад иши боюнча шек саналып абакта жаткандар “кылмыш ишинин материалдарында Кемпир-Абад окуясына чет мамлекеттин же адамдын катыштыгы бар деген бир да факты же далил жок” экенин билдиришкен.

Садыр Жапаров 15-январда улуттук “Кабар” агенттигине курган маегинде “курултайда кайсы бир сырткы күчтөрдөн деп айтам деп, кайсы бир элчиликтен акча алган деп айтып алыпмын” деп түшүндүрмө берген.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 30га жакын саясатчы, активисттер 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта алардын 12си тергөө абагында отурат. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши сегиз айлык тергөөдөн кийин 2023-жылы июнь айында сотко өткөн. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларды “бийликти басып алууга аракет кылган” деп айыптоодо. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттап келет. Иш “жашыруун” деген негиз менен соттук жараяндар жабык өтүп жатат. Шектүүлөр отурумдарды ачык өткөрүү талабын коюп келишет. (BTo)

XS
SM
MD
LG