Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:06

Тик учак кырсыгында жабыркагандардын абалы туруктуу


Кырсыкка учураган Ми-8МТВ тик учагы. 17-январь, 2024-жыл.
Кырсыкка учураган Ми-8МТВ тик учагы. 17-январь, 2024-жыл.

Саламаттык сактоо министрлигинин 18-январдагы маалыматына караганда, тик учак кырсыгында жаракат алган адамдардын абалы туруктуу. Тез жардам ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жаткан төрт адамдын экөө 18-январда палатага которулат.

Кырсыкта жаракат алып, Улуттук госпиталга жеткирилген эки аскер кызматкеринин да абалы туруктуу деп билдирди министрликтин басма сөз кызматы.

17-январда Бишкекте Достук кичи районуна жакын “Фрунзе-1” авиабазасында Ми-8 аскердик тик учак кулап, андагы экипаждын мүчөсү каза болгон. Коргоо министрлиги бортто жалпы 11 киши болгонун кабарлап, тик учак кырсыгы боюнча кызматтык териштирүү башталганын билдирген.

Бул окуяга байланыштуу бир нече кызматкер жумуштан убактылуу четтетилди. Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, мындай чечим тик учак кырсыгын бейтарап иликтөө үчүн кабыл алынган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG