Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:11

УКМК мурдагы премьерлердин биринин жакынына издөө жарыялаганын билдирди


М. У. Днын Чүй облусундагы жер тилкелеринин бир бөлүгү. УКМК тараткан сүрөт.
М. У. Днын Чүй облусундагы жер тилкелеринин бир бөлүгү. УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) кримтөбөл Камчы Көлбаевдин (К. Асанбек) кылмыштуу тобунун акчасын адалдаштырууга шек саналып мурдагы өкмөт башчылардын биринин жакыны издөөгө алынганын жарыялады.

Мекеменин басма сөз кызматы М.У.Д. аттуу адам акча рэкетчилик жана ишкерлерден опузалап талап кылуу жолу менен алынганын билип туруп, 2018-жылдан бери кылмыштуу топтор менен жигердүү иштешип келгенин маалымдады.

М.У.Д. Камчы Көлбаев менен Ысык-Көл облусунда "Flamingo Bay" ресторанын, "Каганат" пансионатын, "Whit" түнкү клубун иштетип, Көлбаевге таандык "Ордо" бизнес борборунда түнкү клуб ачууну көздөп келген.

"Мындан тышкары М.У.Д. Бишкектеги "Асман", "Social Coffe", "Urban»", "Sushi Room", "Red cow", "Cakes/bubbles", "My shish", "Aroma", "Тесто Место" ресторандарынын кирешесинин бир бөлүгүн кылмыштуу топторду каржылоого жумшап келген" деп жазылган маалыматта.

М.У.Д. ошондой эле Дубай шаарындагы беш, Алматыдагы беш кымбат ресторанды башкарган "Aiza Hospitality" ишканасынын ээси деп белгиленген.

УКМК маалымдагандай, кирешесинин накта көлөмүн жашыруу максатында М. У. Д. мүлктөрүнүн баарын башка адамдарга каттаган. Иликтөөнүн жыйынтыгында мындай жол менен жашырылган мүлктөрдүн ичинде Чүй облусунда 180 жер тилкеси, Ысык-Көлдөгү "Каганат" пансионатындагы коттеждер бардыгы аныкталган.

Атайын кызмат шек саналып жаткан адам мурдагы кайсы премьердин жакыны экенин тактаган жок. Анын инициалын гана берди.

17-январда шектүүгө сыртынан Кылмыш кодексинин 261-беренеси ("Кылмыш кылуу үчүн кылмыштуу топко катышуу) менен айып тагылып, издөө жарыяланды.

УКМК тараткан инициал Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Данияр Үсөновдун уулу Мурат Үсөновдун аты-жөнүнө туура келет. Данияр Үсөнов Кыргызстанда 2010-жылдын апрелиндеги элдик толкундоонун катышуучуларына каршы кылмыштары үчүн айыпталып, сыртынан өмүр бою абакка кесилген. Апрель окуясында Беларуска качып кеткен.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев былтыр 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн.

Ошондон кийин Кыргызстанда Камчы Көлбаевдин кылмыштуу жол менен табылган каражатын адалдоого шек саналып чоң-чоң курулуш компанияларынын жетекчилери да кармалган. Алардын көбү ар кандай жагдайда үй камагына чыккан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG