Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:29

Башкырстанда полиция менен кагылышууда кармалгандар камакка алынды


Баймактагы нааразылык акциясы. Башкырстан. 17-январь, 2024-жыл.
Баймактагы нааразылык акциясы. Башкырстан. 17-январь, 2024-жыл.

Уфа шаар соту шаршембинин кечинде Баймак шаарындагы нааразылыкта полиция менен кагылышуу учурунда кармалган алты кишини камакка алды. Бул тууралуу "ОВД-Инфо" маалымдады.

Денис Скворцов, Фанзил Ахметшин, Юлай Аралбаев, Радмир Мухаметшин жана Дмитрий Петров 10 суткага, Ильнар Галин 13 суткага камалды. Алардын баары санкцияланбаган акцияны уюштурууга айыпталышты. Аларды Уфага алып барып, соттоо себеби ачыкталган жок.

Шаршембиде экоактивист Фаил Алсыновдун соту өткөн Баймак шаарында жүздөгөн адам митингге чыккан. Бир нече саатка созулган акциянын катышуучулары Куштоо тоосун коргоп чыккан активистти бошотууну талап кылышкан. Акциянын ондогон катышуучулары кармалып, полиция менен кагылышууда жыйырмадай адам жаракат алды. Тергөө комитети массалык башаламандыкка катышуу жана бийлик өкүлүнө күч колдонуу беренеси менен кылмыш ишин козгоду.

17-январда Башкырстанда жергиликтүү экоактивист, Орусияда тыюу салынган "Башкыр" уюмунун мурдагы жетекчиси, Куштоо тоосун коргоп чыккандардын бири Фаил Алсынов жалпы тартиптеги колонияга төрт жылга кесилди.

Ага «жек көрүүчүлүктү же кастыкты козутуу» деген берене менен иш козголгон. Активист коюлган күнөөнү мойнуна алган эмес.

Прокурор аны төрт жылга жатак абакка кесүүнү сунуш кылган.

2018-жылы Куштоо тоосун акиташ чыгаруучу компанияга иштетүүгө беришкен. Жергиликтүү эл буга каршы чыккан. Алардын айрымдары административдик жана кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

XS
SM
MD
LG