Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:53

AI кавказдык качкындарды Орусияга өткөрбөөгө чакырды


Европа өлкөлөрүнүн бийликтери Түндүк Кавказдын башкалка сурап жүргөн тургундарын Орусияга кайтарууну токтотуусу керек. 18-январда мындай чакырык таштаган Эл аралык мунапыс уюму кавказдык качкындар Орусияда кыйноого кабылып, Украинадагы согушка жиберилиши ыктымалдыгын билдирди.

Буга чейин Хорватия, Франция, Германия, Польша жана Румыния Түндүк Кавказдын куугунтуктан качып башпаанек сурап келген тургундарын Орусияга өткөрүп берген. Алардын басымдуу бөлүгү дининен жана улутунан улам "коркунучтуу террорист" деп аталган.

Уюмдун кайрылуусунда Түндүк Кавказдан кетүүгө аргасыз болгон качкындардын абалы акыркы убактарда Орусияда укуктук стандарттардын төмөндөшү менен катуу начарлаганы белгиленген. Алар себепсиз кармоолорго, түрдүү зомбулуктарга дуушар болуп, дайынсыз жоголуп жатканы кабарланган.

"Европа өлкөлөрүндө алар "коомго кооптуу" адамдар катары кабылданып, депортацияга жана экстрадицияга чалдыгып жатышат", - деп жазылган анда.

Түндүк Кавказда, анын ичинде Чеченстанда адам укугу начарлаганын укук коргоочулар айтып келишет. Бийликке каяша айткан жарандар, активисттер жана алардын жакындары куугунтукка кабылат.

Эл аралык мунапыс уюму кайрылуусунда Франциядан экстрадицияланган Дауд Мурадовдун тагдырын мисал кылган. Француз бийлиги 2022-жылы аны орус бийлигине өткөрүп, Мурадовго Орусиядан качып чыгууга кимдер жардам бергени, анын башпаанек сураганы тууралуу да маалыматтарды бергени сынга алынган.

XS
SM
MD
LG