Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:03

Запорожьедеги аткылоодо "Азаттыктын" украин кызматынын кабарчысы жараат алды


Дмитрий Евчин
Дмитрий Евчин

"Свобода" радиосунун украин кызматынын Крым.Реалии сайтынын журналисттери Запорожье облусундагы Работино кыштагында минемоттун аткылоосуна кабылды. Натыйжада кабарчы Дмитрий Евчиндин бутуна осколка тийген.
Журналист ооруканага жеткирилип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Ага операция жасалганын, абалы туруктуу экенин "Азаттыктын" украин кызматы маалымдады.

Украин армиясынын 10-корпусу билдиргендей, кабарчы "Пресс" деген жазуусу бар зоот күрмөчөн болгон. Аткылап жаткан орусиялыктар жазууну көрүүгө тийиштиги белгиленген.

"Азыркы согушта артиллеристтер учкучсуз аппараттын так маалыматысыз эч качан ок ачышпайт", - деп жазылган маалыматта.

Дмитрий Евчин Крым.Реалии сайтында 2018-жылдан бери иштейт. Орусия Украинага кол салгандан бери ал оператор Никита Исайко менен чогуу согушту чагылдырып, фронттун линиясында иштеп келет.

Украинанын массалык маалымат институтунун кабарлашынча, 2022-жылдын февралынан бери Орусиянын баскынчылыгынан 70 журналист набыт болду, алардын 10у иш үстүндө көз жумган. 25 журналист жаракат алган.

Орусия Украинага 2022-жылдын 24-февралында кол салган.

XS
SM
MD
LG