Аламүдүн капчыгайында жоголгон адам табыла элек

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары. Чүй. 17-январь, 2024-жыл.

Аламүдүн капчыгайында жоголгон адамды издөө иши 18-январда да уланып жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы маалымдагандай, ага 187 куткаруучу, 11 дрон, 17 техника, “Инсараг” издөө-куткаруу тобунан беш куткаруучу, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) 35 кызматкери тартылды.

Мекеме издөө иштерин өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев көзөмөлдөп жатканын билдирди. “12 каминов” эс алуучу борборунун аймагында министрдин орун басары Урматбек Шамыркановдун башчылыгында штаб түзүлгөн.

14-январда Чүй облусунун Аламүдүн капчыгайында 28 жаштагы Мухамбеталы Маматалы уулу дайынсыз жоголгону кабарланып, издөө иштери башталган.

Анын жакындары буга чейин издөө иштери жай жүрүп жатканын билдирип, коомчулуктан, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жардам сураган. (BTo)

Дагы караңыз

Кемпир-Абад иши: Министр Кулубаев абактагылардын катына жооп бердиДепутат Атамбаев журналисттердин укугун коргоого бийликти чакырдыТик учак кырсыгында жабыркагандардын абалы туруктууAI кавказдык качкындарды Орусияга өткөрбөөгө чакырды Запорожьедеги аткылоодо "Азаттыктын" украин кызматынын кабарчысы жараат алды Башкырстанда полиция менен кагылышууда кармалгандар камакка алынды"Эл аралык басма сөз институту" Кыргызстанда жапырт камалган журналисттерди тез арада бошотууну талап кылды “Темиров LIVE” долбоорунун директору Махабат Тажыбек кызы эки айга камалдыЖапырт кармоо: Сот 11 журналистти тең эки айга камады