Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:41

"Эл аралык басма сөз институту" Кыргызстанда жапырт камалган журналисттерди тез арада бошотууну талап кылды


Баш кеңсеси Австриянын борбору Вена шаарында жайгашкан «Эл аралык басма сөз институту» (International Press Institute, IPI) уюму Кыргызстанда бийликти сындаган макалаларын жарыялагандан кийин камакка алынган 11 журналисттин тез арада бошотулушун талап кылды. Уюмдун сайтына 17-январда жарыяланган билдирүүдө көптөгөн жылдар бою Борбор Азия аймагында сөз эркиндигинин жана жарандык эркиндиктердин үмүтү катары саналып келген Кыргызстан 2021-жылдан бери журналисттер жана саясий активисттер үчүн кооптуураак өлкөгө айланганы белгиленди.

«Аткаминерлердин ишин чагылдырганы үчүн жооп катары аларды жапырт камоо сөз эркиндигине болгон чоң кол салуу. Ыктымал мыйзам бузуулар тууралуу жазгандарды башаламандыкка үндөөгө теңөө акылга сыйбаган нерсе», - деди IPI директорунун орун басары Скотт Гриффен.

17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эркин медиада иштеген 11 журналист, кызматкер, активист эки айга камакка алынды. Сот алар 13-мартка чейин Бишкектин тергөө абагында (СИЗО-1) отурат деген чечим чыгарды.

“Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча медианын” жана “ПолитКлиника” басылмасынын 11 кызматкерин милиция 16-январда кармап кеткен.

Ички иштер министрлиги алар Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (массалык тартипсиздиктер) 3-бөлүмү (бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык тартипсиздиктерге чакыруу, ошондой эле жарандарды зомбулукка чакыруу) менен козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалышканын билдирген.

ИИМдин белгилешинче, «Айт Айт Десе» жана «Temirov LIVE» интернет-аянтчаларында жапырт башаламандыкка чакырган маалыматтар 30-декабрда интернет мейкиндигин мониторинг жүргүзүү учурунда табылып, Тергөө кызматы соттук-лингвистикалык экспертиза дайындаган. Экспертизанын корутундусу 12-январда чыккан. Анда аталган материалдарда “нааразылык акцияларына жана жапырт башаламандыкка чакырыктарды камтыган маалыматтар бар экени такталган”.

Кармалгандардын баары аларга коюлуп жаткан айыпка макул эместигин айтып жатышат.

15-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери Бишкекте 24.kg кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, жабдыктарын конфискациялап, директору Асел Оторбаеваны, башкы редакторлор Махинур Ниязова менен Антон Лымарды суракка алган. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Согушту пропагандалоо” беренеси боюнча тергелип жатканы маалым болгон, бирок атайын кызмат иш кайсы материал же маалымат боюнча ачылганын тактай элек.

Бир катар эл аралык жана жергиликтүү укук коргоо уюмдары, активисттер, юристтер Кыргызстандагы соңку окуяларга камтамасын билдирип жатышат.

Кыргызстанда бийлик сөз эркиндиги камсыздалганын белгилеп келет. (RK)

XS
SM
MD
LG