Депутат Икрамов: журналисттерди суракка алуу демократияга тескери таасир этет

Тазабек Икрамов.

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Кыргызстанда журналисттер менен эркин жалпыга маалымдоо каражаттарына байланыштуу акыркы окуялар сөз эркиндиги менен демократияга кедергисин тийгизе турганын билдирди. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы расмий баракчасына жазды.

“Буга чейин укук коргоо органдары тарабынан 24.kg маалымат агенттигинин кызматкерлери суракка чакыртылса, бүгүн таң эрте онго жакын журналисттин “баш аламандык уюштуруу” шеги менен үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлүшү жана суракка алынышы өлкөдөгү сөз эркиндигине, демократиялык процесстерге терс таасирин тийгизет. Бул кадам эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууда ишенбөөчүлүк жаратат”, - деп жазды Тазабек Икрамов.

16-январдын таңында “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча медианын” жана “ПолитКлиника” басылмасынын журналисттеринин үйүндө тинтүү болуп, укук коргоо кызматкерлери жалпысынан 10го жакын журналистти суракка алып кетти.

“Темиров LIVE” долбоорунун негиздөөчүсү, 2022-жылы Кыргызстандан күч менен чыгарылган журналист Болот Темиров “Азаттыкка” курган маегинде акыркы окуяларды анын командасынын журналисттик ишмердигине байланыштырды.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу кылмыш иши козголгонун билдирди.

Иш Кылмыш жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” менен тергелип жатат. (BTo)

Дагы караңыз

Милиция “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” долбоорлорунун кеңсесин жаптыЕврокомиссиянын өкүлү Кыргызстан менен кызматташтык уланарын айттыАвтоунааларга милдеттүү түрдө видеокаттоо орнотуу мыйзамы Жогорку Кеңешке киргизилдиЧолпонбек Абыкеев "журналисттер жоопкерчиликтүү болушу керектигин" айттыАктивист Зарина Төрөкулова 5 жылга соттолуп, пробация менен бошотулдуБир аптада сасык тумоо менен 10 миңден ашуун адам катталды, анын 65% балдарАктивист Темирлан Ормуков кармалганы белгилүү болдуЖанар Акаев: Журналисттерди суракка алуу – сөз эркиндигине чабуулИИМ журналисттердин иши, тинтүү тууралуу маалымат берди Коюу тумандан улам Ош-Бишкек аба каттамдары кармалууда“ЖМК жөнүндө” документти ЖКнын дагы бир комитети караган жок Медиа коомчулук 24.kg агенттигиндеги тинтүүгө байланыштуу кайрылуу жасады