Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:18

Активист Темирлан Ормуков кармалганы белгилүү болду


Темирлан Ормуков.
Темирлан Ормуков.

Бишкектин Октябрь райондук ички иштер бөлүмү көзү азиз активист, акын Темирлан Ормуковду кармаганы белгилүү болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы 15-январда билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, 11-январда шектүү TikTok социалдык тармагында курулуш компаниялардын алданган үлүшчүлөрүнө кайрылып, "аларды маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) атындагы фонд түзүүгө чакырып, уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнөн жардам сураган". Милиция Темирлан Ормуков муну менен мамлекеттик органдардын ишине шек келтирген деп эсептейт.

Бул факты боюнча Октябрь райондук ички иштер бөлүмү Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топту түзүү же ага катышуу” беренеси менен иш козгогон.

“Козголгон кылмыш ишинин алкагында милиция кызматкерлери Молдокулов көчөсүндө жайгашкан имаратта тинтүү жүргүзүшүп, уюшкан кылмыштуу топтун арасынан өздөрүнүн укуктук статусун билдирген шакек, ноутбук жана эки уюлдук телефон табылып, алынган. Андан соң райондук башкармалыктын Тергөө кызматына жеткирилип, Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген”, - деп айтылат маалыматта.

Ормуковго карата “ушактоо” беренеси боюнча кылмыш иш козголгонун Бишкек шаардык милициясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Ормуков Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевди бир катар мыйзамсыз иштерге айыптап милицияга арыз жазган.

2017-жылы Темирлан Ормуковго каршы КСДП фракциясынын ошол кездеги депутаты Дастан Бекешев арыз жазып, кылмыш иши козголгон. Ал депутатты бир катар мыйзамсыз иштерге айыптап милицияга арыз жазган. Бул боюнча текшерүү жүргүзүлүп, Ормуков жазган фактылар жалган экени аныкталганы кабарланган.

Дастан Бекешев арызын артка кайтарып алгандыгына байланыштуу иш токтотулган.

Ага чейин Башкы прокуратура Темирлан Ормуковдун ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевди сындап социалдык тармакка жазган ырында “аймак аралык козутуунун” белгилери аныкталганын жарыялаган. (BTo)

XS
SM
MD
LG