Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:36

Медиа коомчулук 24.kg агенттигиндеги тинтүүгө байланыштуу кайрылуу жасады


24.kg агенттигинин кеңсесин тинтүү. Күч кызматкерлери кеңседен компьютерлерди, ноутбуктарды, электрондук каражаттарды жана кылмыш иши үчүн маанилүү делген башка буюмдарды алып кетишкен. 15-январь, 2024-жыл
24.kg агенттигинин кеңсесин тинтүү. Күч кызматкерлери кеңседен компьютерлерди, ноутбуктарды, электрондук каражаттарды жана кылмыш иши үчүн маанилүү делген башка буюмдарды алып кетишкен. 15-январь, 2024-жыл

Кыргызстандагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана медиа уюмдардын өкүлдөрү 24.kg агенттигинин кеңсесин тинтүүгө байланыштуу ачык кайрылуу жасашты. Кайрылууда эл аралык стандарттарга ылайык, Кыргызстан 30 жылдан бери БУУнун толук кандуу мүчөсү экени, адам укуктарын сактоо милдеттенмелерди алганы белгиленген. Ошондой эле тинтүү жана камакка алуулар мыйзамдуу деп табылышы үчүн күчтүү жана ынанымдуу аргументтер келтирилиши зарыл экени жазылган.

Мындай кепилдиктер жана негиздер жок болгон учурда тинтүү мыйзамсыз деп таанылышы ыктымалдыгы айтылган.

"Жалпыга маалымдоо каражаттарынын кеңсесин тинтүү журналисттердин маалымат булактарын ачыкка чыгаруу экенин эске алуу менен, кийлигишүүнүн бул чарасы Кыргызстандын Конституциясынын 29-беренеси гана эмес, 32-беренеси боюнча дагы суроолорду жаратышы мүмкүн. Маалымат булактарын коргоо журналисттин негизги функцияларынын бири болуп саналат, анткени ал журналист менен анын булагы ортосундагы ишенимдүү мамилелердин негизи. Ошол эле маалда 24.kgнин кеңсесиндеги тинтүү 1,5 сааттан ашык адвокаттын катышуусу жок жүргүзүлгөнү тергөө органдарынын кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу ыктымалдыгы тууралуу суроолорду жаратууда", - деп жазылган кайрылууда.

Кайрылууга "Медиа Полиси институту" уюму, "Полит Клиника" басылмасынын жетекчиси Дилбар Алимова, Kaktus.mediaнын негиздөөчүсү Дина Маслова, Vesti.kg жана журналисттик иликтөөлөр фондунан Гладис Темирчиева, "Новые лица" басылмасынын башкы редактору Лейла Саралаева, "МедиаКонсалт" фонду, медиа-эксперт Аделя Лаишева, журналист Сабыр Абдымомунов кол койгон.

15-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери 24.kg агенттигинин кеңсесин тинтип, басылманын башкы директору Асел Оторбаеваны жана редакторлору Махинур Ниязова менен Антон Лымарды күбө катары суракка алган.

Атайын кызмат тинтүү Кылмыш-жаза кодексинин “Согушту пропагандалоо” беренеси менен козголгон иштин алкагында жүргөнүн маалымдады. Күч кызматкерлери кеңседен компьютерлерди, ноутбуктарды, электрондук каражаттарды жана кылмыш иши үчүн маанилүү делген башка буюмдарды алып кетишти. Ниязова иш “Украинадагы согуш боюнча жазылган макалага” байланыштуу экенин айткан. Былтыр сентябрда Орусиянын Роскомнадзор мекемеси 24.kg сайтынын жаңылыктар бөлүмүнө бөгөт койгон.

16-январдын таңында да бир нече журналисттин үйүндө тинтүү болуп, айрымдарын ИИМге алып кетишкени кабарланды. Министрлик маалымат такталып жатканын билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG