Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:29

“ЖМК жөнүндө” документти ЖКнын дагы бир комитети караган жок


Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин отуруму. 16-январь, 2024-жыл.
Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин отуруму. 16-январь, 2024-жыл.

16-январда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети Министрлер кабинети сунуштаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун караган жок.

Жыйында депутат Улугбек Ормонов бул маанилүү документ экенин айтып отурумга маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри менен ички иштер министри өздөрү келип, суроолорго жооп бериши керектигин билдирди. Сунуш добушка коюлуп колдоо тапты.

Президенттин жана өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов маданият министри Алтынбек Максүтов өкмөт башчы Акылбек Жапаров менен Бишкектеги музыкалык интернат мектептерди карап жүргөнүн айтты.

“Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору 15-январда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин күн тартибинен да алынган. Депутат Айбек Осмонов документте талаштуу беренелер көп деген негизде аны кайра иштеп чыгууну сунуштап, ал колдоо тапкан.

Документ парламенттин алты комитетине киргизилген.

Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыковдун сөзүнө караганда, ушул тапта Кыргызстанда 2740 ЖМК каттоодон өткөн. Сунушталып жаткан документ кабыл алынса, каттоону Юстиция министрлиги жүргүзөт. Медианы каттаттуу үчүн үч документ талап кылынат Алар: арыз берүү, ЖМК түзүү тууралуу маалымат жана чечим. Орозбек Сыдыков ЖМК катары каттоодон өтүүдө анын каржылоо булагы так көрсөтүлүшү керек экенин кошумчалады.

Президент Садыр Жапаров документти иштеп чыгуу үчүн 2022-жылы декабрда жумушчу топ түзгөн. Ага президенттин администрациясынын укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Мурат Укушов топтун жетекчиси болгон. Бирок президенттик аппараттын юридика бөлүмү жумушчу топтогу жарандык коомдун өкүлдөрүнүн берген сунуштарын акыркы 5-вариантка киргизбей калганда, алар Садыр Жапаровго ачык кат менен кайрылып, мыйзамды мындай абалда кабыл албоого чакырышкан.

Эл аралык Freedom House (FH) уюму “Дүйнөдөгү эркиндик - 2023” аттуу баяндамасында Кыргызстанды үчүнчү жыл катары менен “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кошкон. Уюм өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары кысымга туш болгонун белгилеген.

“Чек арасыз кабарчылар” уюмунун басма сөз эркиндигинин индексинде Кыргызстан былтыркыга салыштырмалуу 50 орунга ылдыйлап, 180 мамлекеттин арасынан 122-сапка жайгашкан.

Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин жана аны коргой турганын кайталап келет. (BTo)

XS
SM
MD
LG