Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:32

Бир аптада сасык тумоо менен 10 миңден ашуун адам катталды, анын 65% балдар


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда сасык тумоого чалдыккандар улам көбөйүп жатканын Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти 16-январда билдирди.

Маалыматка ылайык, соңку бир жумада тумоолоп дарыгерге кайрылгандардын саны 10 112 адамга жетти. Бул ага чейинки аптага салыштырганда 22,5 пайызга көп. Ооруга чалдыккандардын 65,4 пайызы балдар.

Сасык тумоологондордун басымдуу бөлүгү Бишкекте, Чүй облусу жана Баткен облусуна тиешелүү.

Аталган департамент өлкөдө COVID-19 илдети боюнча кырдаал туруктуу экенин, өткөн жумада коронавирус менен төрт адам Бишкекте жана Чүйдө катталганын маалымдады.

Бардык саламаттык сактоо мекемемелеринде беткап режими жана карантин киргизилген.

Кыргызстанда сасык тумоо ноябрь-декабрь айларынан бери күчөп, ооруканаларга кайрылган бейтаптардын саны өскөн. Саламаттык сактоо министрлиги Бишкектеги балдардын шаардык клиникалык тез жардам ооруканасында бейтаптардын агымын тескөө максатында 8 мобилдик госпитал орнотулганын кабарлаган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG