Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:48

Активист Зарина Төрөкулова 5 жылга соттолуп, пробация менен бошотулду


Активист Зарина Төрөкулова Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда. 29-ноябрь, 2023-жыл.
Активист Зарина Төрөкулова Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда. 29-ноябрь, 2023-жыл.

Бүгүн, 16-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту жарындык активист Зарина Төрөкуловага өкүм чыгарды. Адвокат Акмат Алагушевдин "Азаттыкка" айтымында, сот Төрөкуловага үч жылдык пробация мөөнөтүн берип, сот залынан бошотту.

"Төрөкулова беш жылга эркинен ажыратылып, бирок үч жыл пробация колдонушту. Эми үч жыл аралыгында мыйзам бузууларга аралашпаса, беш жыл дегени каралбайт жана мөөнөтү ошол менен бүтөт", - деди ал.

Жактоочу Төрөкулова соттун өкүмүнө каршы жогорку инстанцияга кайрылар-кайрылбасы азырынча белгисиз экенин айтты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Зарина Төрөкулова “жапырт башаламандыкка” шек саналып камалганын былтыр 11-сентябрда билдирген. Активистке социалдык тармактардагы “чагымчыл” билдирүүлөрүнө байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” деген беренеси боюнча айып коюлган.

Ал Фейсбукка бөлүшкөн маалыматы үчүн айыпталып жатканын, ал эми посттун автору камакта жаткан адам экенин адвокаты Кантемир Турдалиев айткан. Активист коюлган айыптарды “саясий буюртма” деп атаган.

Төрөкулова социалдык тармактарда бийликтин айрым иштерин сындаган билдирүүлөрдү жазып турган.

Ал буга чейин “Улуу журт” жана “Күч биримдикте” партиялары менен Бишкек шаардык кеңешине шайлоого талапкер болуп катышкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG