Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:13

Еврокомиссиянын өкүлү Кыргызстан менен кызматташтык уланарын айтты


Еврокомиссиянын вице-президенти Маргаритис Скинас (солдо) жана Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Бишкек. 15-январь, 2024-жыл
Еврокомиссиянын вице-президенти Маргаритис Скинас (солдо) жана Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Бишкек. 15-январь, 2024-жыл

15-январда, Еврокомиссиянын вице-президенти Маргаритис Скинас Бишкекке 15-январда
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу долбоорлор, инвестициялар, каржылоо маселелерин, банктык мамилелердин келечегин жана аймактык коопсуздук маселелерин талкуулашты.

Президент Садыр Жапаров 29-30-январда Брюсселде өтө турган транспорттук байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган Инвесторлор форумунун Кыргызстан үчүн маанисин белгиледи.

Кыргызстандагы адам укуктарынын абалын талкуулоо учурунда Садыр Жапаров өлкөдө жарандык коомдун активдүүлүгүнө токтолуп, сөз эркиндиги жана интернет чексиз экенин айтты.

Еврокомиссиянын вице-президенти Маргаритис Скинас өз кезегинде Борбор Азиядагы позитивдүү өзгөрүүлөрдүн маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргызстан менен кызматташтыкты тереңдетүүгө даярдыгын билдирди. Ал ошондой эле каржы-экономикалык өнөктөштүк кызматташтык күчөтүлөрүнө ишенерин айтты.

Еврокомиссиянын вице-президенти Кыргызстанга сапары климаттык долбоорлорго, транспорттук коридорлорду санариптештирүү жана өнүктүрүү маселелерине багытталганын айтып, Еврокомиссия Кыргызстандын бул багыттагы аракеттерин колдоого даяр экендигин билдирди.

Скинас Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен жолугары да кабарланган.

Евробиримдик акыркы эки жылда Европадан Борбор Азияга, анын ичинде Өзбекстанга, Казакстанга жана Кыргызстанга экспорт кыйла өскөнүн, чөлкөмдөн Орусияга продукцияларды жеткирүүнүн көлөмү да кескин көбөйгөнүн белгилеген.

Муну Кремлдин Украинадагы согушка каршы салынган санкцияларды кыйгап өтүү аракети деп сыпаттаган. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG