Улуттук банктын резерви жыл аягында 3 млрд 236 млн доллар болду

Кыргыз өкмөтүнүн колуна өткөн "Кумтөр Голд Компани" өндүргөн алтын. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Улуттук банкынын эл аралык резервдери 2023-жылдын декабрь айынын жыйынтыгы менен 3 млрд 236 млн доллар болду. Бул көрсөткүч 2022-жылдын декабрь айында 2 млрд 798 млн долларды түзгөн.

Башкы каржы көзөмөл мекемесинин резерви 3 млрд доллардан алгач ирет төрт жыл мурда ашкан. 2020-жылдын августунда 3 млрд 71 млн долларга жетип, кайра 2 млрд 523 млрд долларга чейин түшкөн. 2021-жылдын күзүндө 3 млрд 241 млн долларга көтөрүлгөн.

Эл аралык валюталар резерви – бул өлкөнүн акча-насыя саясатын жүргүзүүгө, валюталык рыноктогу курсту кармоого жана башка максаттарга колдонулчу мамлекеттик актив. Улуттук банк Кыргызстанда чет элдик валюталардын курсу кескин өзгөрүп кетсе резервдеги каражатын рынокко сатып турат.

Резерв негизинен алтын түрүндө сакталат. Калганы кубаттуу өлкөлөрдүн валютасына айлантылып, кармалат. Улуттук банк 2023-жылдын августундагы билдирүүсүндө алардын кампасындагы 49,8 тонна алтындын 17,1 тоннасы эл аралык резервде экенин, калганы жөн гана запас катары сакталып турганын маалымдаган. (BTo)

Дагы караңыз

Өкмөт “Керемет Банкты” Улуттук банктан сатып алууну көздөп жататКыргызстандагы пакистандык студенттердин билими боюнча маселе көтөрүлдү АКШ менен Британия Йемендеги хуситтердин аскердик жайларына сокку урдуБишкекте митингдерди чектеген чечим дагы үч айга узартылдыЫсык-Көлдөн былтыр балык уулаган 220 миң метр тор чыгарылдыЧек ара: Баткенде кыргыз-тажик жумушчу топторунун жолугушуусу өтүүдөУКМК Сокулуктагы “жер мафиясы” боюнча беш кишини кармады