Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:05

УКМК Сокулуктагы “жер мафиясы” боюнча беш кишини кармады


UKMK arrested five people in connection with the "land mafia" in Sokoluk
UKMK arrested five people in connection with the "land mafia" in Sokoluk

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Чүйдүн Сокулук районунда “жер мафиясын” түзгөн деп шектелген эки киши жана “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин мурдагы үч кызматкери кармалганын билдирди.

УКМК кабарлашынча, “жер мафиясын” уюштурган деп камакка алынган Ош облусунун тургуну Ж.Н.К. башка адамдарга каттаткан (аффилирленген) 300 гектардан ашык жерге ээлик кылган.

Тергөөдө “жер мафиясын” түзгөндөр жалпы Чүй облусунан 300 гектардан ашык жерди (баасы 7 млрд 249 млн 500 миң сом) кызмат адамдары аркылуу мамлекеттик жана жеке менчиктен мыйзамсыз алып, саткан коррупциялык схема бар экени аныкталган.

“Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын (мурдагы “Кадастр”) Сокулук филиалынын жооптуу кызматкерлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле мамлекеттик жана жеке нотариустардын ортосунда сүйлөшүүсү аркылуу жер участокторунун жасалма документтерин берүү менен, кийинчерээк жеке турак-жай куруу үчүн мыйзамсыз мамлекеттик актылар чыгарылган”, - деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Атайын кызмат камакка алынган Ж.Н.К. аттуу шектүүнү жер тилкелерин сатууну тездетүү үчүн атайын адамдарга акча төлөп, 2023-жылдагы Министрлер Кабинетинин имаратынын алдындагы нааразылык акцияларды уюштурган деп айыптап жатат. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Камалгандардын жакындары же жактоочусунун пикирин угууга мүмкүнчүлүк боло элек.

Соңку бир жылдан бери Кыргызстанда уруксатсыз курулган үйлөрдүн жерин мыйзамдаштырууга багытталган "Жерге тиешелүү укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө" мыйзам алкагында айрым жер участокторуна мунапыс берилүүдө.

Бул үчүн 40 райондо, 20 шаарда 60ка жакын комиссия иштеп жатканы маалымдалган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG