Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:44

Кыргызстандагы пакистандык студенттердин билими боюнча маселе көтөрүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Исламабад шаарында ал өлкөнүн саламаттык сактоо министри Надим Ян менен 10-январда жолугушуп, медициналык билим берүү боюнча кызматташтыкты талкуулашты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушууда министр Надим Ян Кыргызстандагы медициналык университеттерде билим алган пакистандык студенттер тийиштүү деңгээлде билим албай, өлкөсүндө аттестациядан өтө албай жатканын билдирген. Министр Ян бул маселени чечүүнү сунуштады.

Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев медициналык окуу жайларды текшерүүгө, зарыл болгон учурда башка университеттерге которууга даяр экенин билдирди.

2023-жылдын башында Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдөгү медициналык багыттагы 24 окуу жайды текшерип чыгып, алардын он жетисин "талапка жооп бербегендиктен" жабууга буйрук чыгарып, Министрлер кабинетине сунуш киргизген. Анын ичинен алты окуу жайы мамлекеттик, он бири жеке менчик медициналык окуу жайы экени көрсөтүлгөн. Бул демилгени саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев көтөрүп чыккан. Бирок, анын жыйынтыгы белгисиз бойдон калган.

Мамлекеттик статистика комитетинин маалыматына ылайык, алыскы чет өлкөлөрдөн келген студенттер соңку жылдары 2,7 эсе көбөйгөн. Учурда 24 миң чет элдик студент билим алып жатат. Индиядан келгендер азайса, Пакистандан келгендер кескин өскөн. (TSh)

XS
SM
MD
LG