Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:19

Өкмөт “Керемет Банкты” Улуттук банктан сатып алууну көздөп жатат


“Керемет Банктын” кеңсеси.
“Керемет Банктын” кеңсеси.

Министрлер кабинети Улуттук банктан “Керемет Банктын” 97,45% акциясын сатып алууну көздөп жатат. Өкмөттүн тиешелүү мыйзам долбоору 2023-жылы 27-декабрда Жогорку Кеңешке түшкөн.

Документтин маалымкат-негиздемесинде Улуттук банктын “Керемет Банктын” акцияларына ээлик кылышы Улуттук банк жөнүндө конституциялык мыйзамдагы коммерциялык банктардын ишин көзөмөлдөө функцияларына дал келбей турганы жазылган.

Улуттук банк “Керемет Банкка” 2018-2020-жылдары 8 млрд 216 млн 574 миң сом инвестиция салганы айтылат. Ушул тапта банктын уставдык капиталы 8 млрд 698 млн 746 миң сом. Анын 97,45% акциясы Улуттук банкка, 0,74% Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттикке, 1,81% жеке адамдарга таандык.

Улуттук банк “Керемет Банктын” 97,45% акциясына 2018-жылдан бери ээлик кылат. Өкмөт соңку жылдары ал аркылуу фермерлерге жеңилдетилген шартта насыя берип келет. Банк ипотекалык насыялоо программасын да жүргүзө баштаган.

"Керемет Банк" өлкөдөгү мамлекеттик үлүшү бар банктардын бири. 2010-жылга чейин мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындарынын тиешеси болгон “Азия Универсал Банктын” активдеринин негизинде "Залкар Банктын" түзүлгөн. 2013-жылы кыргыз-орус өкмөттөрү бул банктын акциялары орусиялык ишкерлерге сатылып, аталышы "Росинбанк" деп өзгөртүлгөн.

2019-жылы "Росинбанктын" акцияларына Улуттук банк ээлик кылып, аталышы “Керемет Банк” болуп түзүлгөн. (BTo)

XS
SM
MD
LG