Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:31

Ысык-Көлдөн былтыр балык уулаган 220 миң метр тор чыгарылды


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 2023-жылдын 12-мартынан бери Ысык-Көлдүн 431 миң 182 гектар аянтынан 22 тонна 546 кг таштанды жана 220 миң 200 метр тор чыгарылганын билдирди. Мекеменин маалыматы боюнча, Суучулдар борборунун кызматкерлери 10-январдан тарта Ысык-Көлдөгү балык уулоочу торлорду тазалоо ишин кайра башташты.

Былтыр июнь айында президент Садыр Жапаров көлдүн булганып жатканын айтып, торлорун калтырып кеткен браконьерлерди сынга алган.

1998-жылы өкмөттүн токтому менен Ысык-Көл облусунун аймагында биосфералык аймак түзүлгөн. Аймак 43,1 чакырым чарчы аянтты ээлейт.

“Ысык-Көл” биосфералык аймагы Кыргызстанда мыйзам менен өзгөчө корголгон улуттук маанидеги табигый аймак болуп эсептелет. 2001-жылы ЮНЕСКОнун “Адам жана биосфера” программасынын алкагында Бүткүл дүйнөлүк биосфералык резерваттар тутумуна киргизилген.

Ысык-Көлдө башаламан салынган эс алуу жайлары, алардан чыккан саркынды суулар көлдү булгап жатканы, балык уулаган браконьерлер көлдүн уникалдуу экологиясын талкалап жатканы айтылып келет. (BTo)

XS
SM
MD
LG