Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:50

Бишкекте митингдерди чектеген чечим дагы үч айга узартылды


Бишкектеги сөз эркиндигине байланыштуу өткөн митинг. (Архивдик сүрөт)
Бишкектеги сөз эркиндигине байланыштуу өткөн митинг. (Архивдик сүрөт)

Бишкекте жергиликтүү бийликтин митинг-пикеттерди чектеген чечиминин мөөнөтү дагы үч айга узартылып, 31-мартка чейин борбордук аянттар менен көчөлөрдө тынч жыйындарды өткөрүүгө тыюу салынды.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту ушул эле райондун администрациянын тынч жыйындарды өткөрүүнү чектөө тууралуу арызын канааттандырган чечимди 2023-жылдын 28-декабрында эле чыгарганы 12-январда гана белгилүү болду.

Райондук администрациянын 28-декабрдагы чечиминде тынч жыйындарды өткөрүүгө 1-январдан 31-мартка чейин бир катар жерлерде тыюу салынары айтылган. Ал жерлер – Ала-Тоо аянты жана Эркиндик бульварынын темир жол вокзалынан аянтка чейинки тилкеси, Жогорку Кеңештин айланасы жана анын жанындагы Панфилов паркы, Өкмөт үйү жана анын жанындагы Турсунбаева бакчасы, Жогорку Соттун, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жанындагы жерлер, Ички иштер министрлигинин алды.

Бул чектөө 2022-жылдын март айында эле кабыл алынган. Ошондон бери мөөнөтү улам үч айга узартылып келе жатат. Соңку чектөө 2023-жылдын 31-декабрына чейин деп аныкталган.

Акция өткөрүүнү каалагандар Бишкектеги Максим Горький атындагы бакчага гана чогулса болот.

Бишкектин борбордук аянттарында акцияларды өткөрүүгө салынган тыюу дээрлик эки жылга жакындап калды. Эл аралык Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму дүйнөдөгү 2023-жылдагы адам укуктарынын абалы боюнча баяндамасында Кыргызстанда жарандардын тынч жыйындарга чогулуу укугу бузулуп, 2022-жылы Бишкектин борбордук аянттарында акция өткөрүүгө салынган тыюу утур-утур узартылып келатканын билдирди. (BTo)

XS
SM
MD
LG