Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:20

Чек ара: Баткенде кыргыз-тажик жумушчу топторунун жолугушуусу өтүүдө


Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов. Архив сүрөт.
Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов. Архив сүрөт.

12-январда Баткен облусунда Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун жолугушуусу өтүүдө. Анда Ташиев тараптар чек араны тактоо ишин күчөтүлгөн тартипте уланта турганын билдирди.

Жолугушууда Ятимов чек аранын чечилиши эки өлкөнүн коопсуздугу жана өнүгүүсү үчүн маанилүү экенин белгиледи.

Ташиев менен Ятимов буга чейин былтыр 12-декабрда да Баткен шаарында жолугушуп, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин талкуулашкан. Анын соңунда экөө атайын билдирүү жасап, кыргыз-тажик чек арасынын 90% макулдашканын билдиришкен. Ташиев анын ичинде Баткендеги “Кайрагач айылынан баштап Кулунду, Максат, Арка, Арка-1, Арка-2, Жаңы-Жер, Жийделикке чейинки айылдардын тушундагы такталбаган тилкелер макулдашылганын” ырастаган.

Президент Садыр Жапаров 11-декабрда Баткендин Ак-Сай айылында жаңы курулган мектептин ачылышында сүйлөп жатып, Тажикстан менен чек ара 2024-жылдын жаз айына чейин такталып каларын айткан.

Кыргызстандын жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун буга чейинки жолугушуусу былтыр 17-декабрдан 23-декабрга чейин Тажикстандын Бустон шаарында өтүп, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын дагы 11,88 чакырымы боюнча макулдашкан.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырымды түзөт. 2002-жылдан 2020-жылдарга чейин чек аранын 519 чакырымы такталса, 2022-жылы эки өлкөнүн президенттери жолукканда, жалпысынан 664 чакырым тилке боюнча орток пикир бар экенин ырасташкан. Андан бери эки мамлекеттин жумушчу топторунун жолугушуусунда кабыл алынган протоколдорду эске алганда, мунаса табылган жерлердин аянты улам кеңейүүдө.

XS
SM
MD
LG