Кыргызстан Казакстанда жолдо калган жүргүнчүлөргө куткаруучуларды жөнөттү

ӨКМ Казакстанда жолдо калгандар үчүн куткаруучуларды жөнөттү.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Казакстандын Алматы-Ташкент автожолундагы кар күрткүсүнөн улам жол тыгынында калган кыргызстандыктарга куткаруучуларды жөнөттү.

Министрликтин маалыматына ылайык, Алга айылы менен Кордай айылынын ортосунда 100-150дөй машина жүргүнчүлөрү менен Кыргызстанга өтө албай калган.

Ал аймакка Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар департаментинен 99 куткаруучу жана 37 оор техника тартылган.

Жол тыгынында калып калган адамдарды чыгарууга жардам берүү үчүн Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 39 куткаруучусу, беш оор техника, бир Ниссан Пикап жана башка шаймандары менен Ак-Жол чек ара бекетинен Казакстандын аймагына киришти.

Алдын ала маалымат боюнча, 14-декабрда Казакстандын Жамбыл облусунун Кордай районунда жааган кардын кесепетинен Алматы-Ташкент жолунда кар күрткүсү пайда болуп, автоунаа жолу жабылган. (BTo)

Дагы караңыз

Мирбек Расулов Аскер прокурору болуп дайындалды14-декабрь: Орусияда кыргыз мигранттары азайды, Путин согушка 617 миң аскер тартыларын айттыЗеленский Батыш өлкөлөрүнүн башчыларын украиндердин үмүтүн актоого чакырдыКурулуш агенттиги Ошто мыйзамсыз курулган үйлөрдүн тизмесин жарыяладыСайгактар эл аралык "Кызыл китептен" алындыБУУнун комитети сотто журналист Маслованын укугу бузулган деп тапты Орусияда тажик жарандары теракт пландоого айыпталып абакка кесилди