Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:19

Зеленский Батыш өлкөлөрүнүн башчыларын украиндердин үмүтүн актоого чакырды


Украин президенти Зеленский
Украин президенти Зеленский

Украин президенти Владимир Зеленский Евробиримдиктин лидерлерин Киевдин шаркетке мүчө болуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү баштоо сунушун колдоого чакырды. Президент терс чечим Украинага жасалган “чыккынчылык” болуп каларын айтты.

Брюсселдеги саммитте 14-15-декабрь күндөрү шаркеттин жетекчилери менен Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын талаш-тартышы үстөмдүк кылары күтүлүүдө. Орбан Киевге кошумча жардам бөлүүгө жана мүчөлүк тууралуу сүйлөшүүлөрдү баштоого каршы болуп келатат.

Зеленский “украин элине жана алардын Европага арткан ишенимине чыккынчылык кылбоого” үндөдү жана орус президенти Владимир Путин терс чечимди “бүтүндөй Европага каршы пайдаланарын” эскертти.

Бирок Орбан саммитке келгенде өзүнүн оюнан тайбаганын айтты: “Мүчөлүк сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүгө ушу тапта негиз жок. Алдын ала шарттар аткарылбады. Маселени кийинчерээк караш керек”.

Венгриянын өкмөт башчысы Путин менен жылуу мамиледе экени белгилүү.

Саммиттин алдында Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен, француз президенти Эммануэл Макрон жана Германиянын канцлери Олаф Шольц Орбан менен өзүнчө жолугушмакчы.

Мунун алдында Зеленский АКШда болгон кезинде Сенаттагы республикачыларды Украинага 60 миллиард доллар жардам бөлүүнү жактырууга ынандыруу аракетин көрдү. Бирок андан майнап чыккан жок.

Буга чейин Ак үй Киевге жардам өз убагында берилбесе, андан Москва гана пайда табарын эскерткен.

XS
SM
MD
LG