Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:25

Мирбек Расулов Аскер прокурору болуп дайындалды


Башкы прокуратуранын имараты.
Башкы прокуратуранын имараты.

Мирбек Расулов башкы прокурордун орун басары – Аскер прокурору болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы 14-декабрда билдирди.

Ага чейин бул кызматта Сагындык Мукашов турган.

Президенттин дагы бир тескемеси менен Улан Айтбаев башкы прокурордун орун басары болуп дайындалды. Ал тууралуу ачык булактарда дээрлик маалымат жок.

Мирбек Расуловдун ысымы алгач Аксы окуясын иликтөө боюнча тергөө тобун жетектегенде чыккан. Кийин президенттик аппараттын мурдагы башчысы Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча ишти тергеген. Андан тышкары мурунку депутаттар Урмат Аманбаеванын, Карганбек Самаковдун, мурунку өкмөт башчы Игорь Чудиновдун кылмыш иштерин караган.

Ал 2005-2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийинки чуулгандуу иштерди иликтеген. (BTo)

XS
SM
MD
LG