Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:44

Орусияда тажик жарандары теракт пландоого айыпталып абакка кесилди


Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын баш кеңсеси. Москва
Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын баш кеңсеси. Москва

Москванын аскердик соту 14-декабрда тажикстандык беш жана дагестандык бир кишини 16 жылдан 22 жылга чейин абакка кести. ТАСС агенттиги маалымдагандай, Манучехр жана Ражабали Буриевдер, Абдумалик Самиев, Самандар Тошмуродов, Абдукодир Тоиров жана Гажимурад Гасаналиев террордук уюм түзүү, Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) башкалаадагы баш кеңсесинде теракт уюштурууну пландаган деп айыпталды.

Биринчи 4-6 жылды алар түрмөдө, калган жазаны күчөтүлгөн тартиптеги колонияда өтөшөт. Сот айыпталуучуларга 600 миңден бир миллион рублга чейин айып пул чегерди.

Тажик жана орус жарандары Кылмыш кодексинин алты беренесине ылайык соттолду. Атап айтканда, алдын ала сүйлөшүп алып, теракт кутуму, террордук аракетке машыгуудан өтүү, жардыргыч заттарды мыйзамсыз даярдоо, террордук уюм уюштуруу жана террордук аракеттерге көмөктөшүү айыбы тагылды.

ФСБнин версиясында, былтыркы март-апрель айларында алар “Орусияда тыюу салынган "Ислам мамлекети" экстремисттик уюму менен байланыштагы уюмдардын жетекчилигинде террордук топ түзгөн”, 2022-жылдын 1-майында атайын кызматтын борбордук имаратында колго жасалган жардыруучу жабдыкты ишке келтирип, ары-бери өткөндөргө ок ачып, теракт пландаган.

Иштин дагы бир фигуранты – Тажикстандын жараны Мероб Хаитов тергөө менен кызматташкандыктан, иши бөлөк каралды. 1-ноябрда ал 12 жылга кесилген.

Сот жообуна тартылгандардын адвокаттары бул иштин артында саясий жүйө турганын, кылмышка орус коопсуздук кызматкерлеринин иш-аракеттери түрткөнүн айтышууда.

XS
SM
MD
LG