Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:23

Сайгактар эл аралык "Кызыл китептен" алынды


Казакстандагы сайгактар
Казакстандагы сайгактар

Сайгактар эл аралык «Кызыл китептен» алынды. Мурда ал жаныбар толук жок болуп кетүү коркунучуна кабылгандардын арасында болсо, эми анын макамы «коркунучка жакын» болуп өзгөрдү.

Сайгактарды сактап калуу альянсынын маалыматына караганда, жаныбарлардын популяциясы калыбына келгени аныкталды. Антилопанын бул түрү негизинен Казакстанды байырлайт. 2005-жылы ал жактагы саны 39 миң болсо, азыр дээрлик 2 миллионго чыкты.

Кошуна өлкөнүн бийлиги эл аралык уюмдар менен чогуу браконьерлерге каршы натыйжалуу күрөшүп, корголгон талааларды кеңейтти.

Сайгактар муз доорунан бери жашап келатат. СССР урагандан кийин браконьерлик өзгөчө тараган, аларды эт менен мүйүздөрү үчүн атып кетишчү.

Андан тышкары жол инфраструктурасы жана кен казуу өнүккөн сайын, климаттын өзгөргөнү жаныбарлардын көнүмүш чөйрөсү жарым-жартылай талкаланган. Натыйжада 2000-жылдардын башында дүйнөдө алардын популяциясынын 6% гана калган.

Сайгактар талаа экосистемасында манилүү роль ойнойт. Сайгактарды сактап калуу альянсынын жетекчилеринин бири, Оксфорд университетинин профессору Элеонор Милнер-Галланддын айтымында, жаныбарлар «эркиндиктин символуна айланган».

XS
SM
MD
LG