Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:19

Курулуш агенттиги Ошто мыйзамсыз курулган үйлөрдүн тизмесин жарыялады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Ош шаарында уруксат кагаздары жок курулуштардын тизмесин жарыялады. Алардын аталыштары жана сүрөттөрү мекеменин Фейсбуктагы баракчасында жайгаштырылды.

Тизмеде Ош шаарында салынып бүткөн, курулуп жаткан же пайдубалы казылган бойдон турган 17 турак жай жана аларга ээлик кылган компаниялардын аталыштары жазылган.

Агенттик бул обьектилер боюнча сот иштери жүрүп жатканын эскертип, жарандарды тизмедеги турак жайлардан батир сатып албай турууга чакырган.

Аталган мекеме бир күн мурда Бишкекте 38 турак жайдын тизмесин жарыялаган.

2023-жылдын февралында Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде Кыргызстанда мамлекеттик органдардын уруксаты жок курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн саны 87 экени, алардын 34ү Бишкекте экени маалым болгон. Соңку маалыматтан көрүнүп тургандай, аларга дагы төртөө кошулуп, борбор шаарда 38 мыйзамсыз курулуш болуп калган.

Бишкек жана Ош шаарында көп кабаттуу турак жайдан батир сатып алгандар курулуш бүтпөй жатканын жана мыйзам бузуулар болуп жатканын айтып, бийликке утур-утур кайрылуу жолдоп келет. Жыл башынан бери эки шаарда тең "Эмаком" компаниясынан үй алгандар катар-катар нааразылык акцияларын өткөрүштү.

XS
SM
MD
LG