Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:35

14-декабрь: Орусияда кыргыз мигранттары азайды, Путин согушка 617 миң аскер тартыларын айтты


Москванын ызгаарында Кызыл аянтта жүргөн кыз. 3-декабрь, 2023-жыл.
Москванын ызгаарында Кызыл аянтта жүргөн кыз. 3-декабрь, 2023-жыл.

14-декабрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Жогорку Кеңеш 2024-жылдын бюджетин бекитти

Жогорку Кеңеш үч саатка жетпеген убакытта бюджеттин 2023-жылдагы аткарылышын карап, 2024-жылдын бюджетин бекитти. Министрлер кабинетинин эсебинде кийинки жылы киреше 378 млрд 437 млн сом болуп, чыгаша 367 млрд 500 млн сомго жетет. Профицит 10 млрд 900 млн сом болот. Мамлекеттик бюджет боюнча мыйзам долбоору - өлкөдөгү эң негизги документтердин бири. Долбоор эми президенттин кол коюусуна жөнөтүлөт.

Чек аранын дагы 47 чакырымы такталды

Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топтору чек аранын дагы 47,05 чакырымын макулдашты. Калган тилкелерди аныктоо үчүн кийинки жолугушуу Тажикстандын аймагында өтөт. Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын тең төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов 12-декабрда Баткенде чек аранын 90% макулдашканын айтышкан.

Кыргыз-тажик топографиялык топторунун жолугушуусунда протоколго Кыргызстан тараптан Министрлер кабинетинин чек ара боюнча өкүлү Назирбек Бөрүбаев кол койду.
Кыргыз-тажик топографиялык топторунун жолугушуусунда протоколго Кыргызстан тараптан Министрлер кабинетинин чек ара боюнча өкүлү Назирбек Бөрүбаев кол койду.

Тогуз айда 27 аял төрөттөн каза болду

Кыргызстанда 2023-жылдын 9 айында 27 аял төрөттөн каза болду. 2022-жылдын ушул эле мезгилинде 34 аял төрөттөн көз жумган. Economist.kg басылмасы 2021-жылы Кыргызстанда кош бойлуу 100 миң аялдын дээрлик 25и төрөттөн каза болору тууралуу маалымат жарыялаган.

Ошол эле учурда Саламаттык сактоо министринин орун басары Айжамал Шамбетова өлкөдө жылдан-жылга төрөт азайып жатканын ырастап, буга биринчи кезекте миграция себеп экенин айтты.

"Кошумча контрацептивдик каражаттар, дары-дармектер коомчулукка жеткиликтүү. Балким ушундан улам да кыскаруу болушу мүмкүн", - деди Шамбетова.

Статкомитеттин маалыматтарына ылайык, Кыргызстанда 2019-жылы 173 484 бала, 2020-жылы 158 112 бала (15 миң адамга аз), 2021-жылы 150 161 бала (дагы 8 миң кишиге аз) тѳрѳлгѳн. 2022-жылы да өлкөдө 150 225 бала төрөлгөн.

Израил армиясы Газа тилкесин бомбалоону улантууда

ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган) радикал тобу башкарган анклавдын Саламаттыкты сактоо министрлиги 14-декабрдын таңында израилдик аскерлердин соккусунан кеминде 26 киши каза тапканын маалымдады.

Бир күн мурда АКШ президенти Жо Байден “туш келди бомбалоолордон” улам Израил эл аралык колдоодон ажырап баратканын айтып, премьер-министр Биньямин Нетаньяхуну сындаган. Бирок жөөт өкмөт башчысы ХАМАСка каршы согушта “жеңишке жетмейинче турарын” эскертти.

Газанын 2,2 миллион калкынын 1,9 миллионго жакыны согуштан качып, түштүк тарапка жер которгон. Эл аралык уюмдар толук курчоодо калган анклавда гуманитардык кырдаал курчтугун, ооруканалардын көбү жабык турганын, жугуштуу ооорулар жайылып баратканын эскертүүдө.

Путин "мобилизацияга азыр зарылдык жоктугун" айтты

14-декабрда Орусиянын президенти Владимир Путин азыр аскерге мобилизациялоонун зарылдыгы жок экенин түз эфирде суроолорго жооп берип жатып айтты. Ал Украинадагы согушка 486 миң киши өз ыктыяры менен тартылганын, күнүгө бир жарым миңдей киши жалданып жатканын белгилеп, аскерлердин саны 617 миңге жетерин билдирди.

«Свобода» радиосу жазгандай, 1-декабрда Путин куралдуу күчтөрдө кызмат өтөгөндөрдүн санын 170 миңге көбөйтүү жөнүндө буйрукка кол койгон. Коргоо министрлиги жаңы мобилизация пландалбаганын билдирген.

Президент Путиндин түз эфирдеги маалымат жыйыны Орусия Украинага басып киргенден бери биринчи жолу өттү. Мурдараак Путин 2024-жылдын мартына белгиленген президенттик шайлоого ат салышарын билдирген.

Орусияда кыргыз мигранттары азайды

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) консулдук департаментинин жетекчиси Алмаз Букалаев “Азаттыкка” эки жылда Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын саны 200 миңге чейин азайганын билдирди. Расмий эсепке караганда, бул өлкөдө азыр Кыргызстандын 400 миңдей жараны жашап, иштеп жатат. А.Букалаев ушул тапта мигранттар Түркияга, Европага, Араб өлкөлөрүнө жана АКШга кетип жатканын айтты.

Маңгыстауда жумушчулардын иш таштоосу уланууда

Казакстандын Маңгыстау облусунда Жетыбай мунай кенин иштеткен West Oil Software компаниясынын 500дөй жумушчусу иш шарттарын жана техниканы жаңыртууну, компанияны «КазМунайГаздын» курамына өткөрүүнү, маяналарын көтөрүүнү талап кылууда.

Интернетте тараган видеодо «БузачиТрансКурылыс» ишканасынын жумушчулары дагы Жетыбайдагы кесиптештеринине тилектештик билдирип, бийликке, «КазМунайГаздын» жетекчилигине кайрылганын көрүүгө болот.

Курык райондук соту West Oil Software компаниясынын жумушчуларынын иш таштоосун “мыйзамсыз” деп тааныган. «КазМунайГаздын» Актаудагы өкүлчүлүгү жумушчулардын кээ бир талаптарын аткаруу мүмкүн эместигин Фейсбуктагы баракчасына жазды.

XS
SM
MD
LG