Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Жазаларды аткаруу кызматынын Ош шаарындагы №25 мекемесинин жетекчиси Жаныбек Ураимов атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин билдирди. Ал “өзү башкарган жабык жайга маңзат ташууну калкалаган” деп шек саналууда.
Маалыматка ылайык, атайын кызмат менен Ош шаардык ички иштер башкармалыгы №25 мекемесине маңзаттарды ташып саткан каналды аныктап, ишине бөгөт койду.
Тергөөдө кылмыштуу схеманы №25 тергөө абагында жаткан Кыргызстандын жана Татарстандын жарандары уюштурганы, алар “Женго” каймана аты менен белгилүү Кадырбек Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү экени аныкталган.
“Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында кылмышка шектүү катары Ош шаардык жаза аткаруу кызматынын №25 мекемесинин башчысы Ж.У., мекеменин башка жооптуу кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүп алып, атайын мекеменин аймагына баңгизаттарды тоскоолдуксуз өткөргөндүгү үчүн системалуу түрдө акча алып турган”, - деп айтылат маалыматта.
Ал схема боюнча, Тажикстандын жараны Согд облусундагы каналдары аркылуу, Оштогу №25 тергөө абагында жаткан адамдарга маңзатты ай сайын жеткирүү каналдарын уюштурган. Ал каражатты Жаныбек Ураимов, абактагы “положенец” деп аталган А.Т жана башка адамдар бөлүшүп турганы такталган.
Тинтүү иштеринде №25 мекемесине баңгизатты өткөрүү аракети учурунда, тамак-аш азыктарынын арасына катылган 1 килограмм ооган гашиши алынган. Андан тышкары тергөө жайына маңзат алып кирүүгө аракет кылган дагы төрт киши кармалган. Алардын ичинен эки адамдан №25 абакка киргизүүгө багытталган 1,3 килограмм ооган гашиши табылган.
Жаныбек Ураимов атайын кызматтын, дагы төрт адам Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Кармалгандардын адвокаттары менен жакындары комментарий бере элек. Окуя тууралуу Юстиция министрлигине караштуу Жаза аткаруу кызматы да азырынча маалымат тараткан жок. (BTo)
Дагы караңыз
Жогорку Кеңеш 2024-жылдын бюджетин кабыл алдыМаңгыстау облусунда жумушчулардын иш таштоосу улануудаМинистрлик төрөттүн азайышы тууралуу түшүндүрмө бердиПутин согуш башталгандан бери биринчи жолу түз эфирде суроолорго жооп берүүдөГаза: Израилдин бейшембидеги соккусунда 19 киши каза тапканы кабарланды Москванын мэри шаардын үстүнөн эки дрон атып түшүрүлгөнүн билдирдиКүрөөканалардын үстөк пайызын чектөө сунушталууда RSF: Быйыл 45 журналист иш учурунда каза болду