Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:27

Москванын мэри шаардын үстүнөн эки дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди


Москага тийген дрон. 23-август, 2023-жыл (иллюстрация)
Москага тийген дрон. 23-август, 2023-жыл (иллюстрация)

Москванын мэри бейшембиде таң эрте башкалаанын үстүнөн эки дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди. Сергей Собянин Телеграм-каналга жазганына караганда, жарадар болгондор, жабыркагандар жок.

Интерфакс кабар агенттиги орус Коргоо министрлигине шилтеме менен Калуга жана Москва облустарында украиналык тогуз учкучсуз учак атып түшүрүлгөнүн маалымдады.

Бул маалыматтарды көз карандысыз булактардан тастыктоо мүмкүн эмес.

Москва дрондор чабуулуна туш болгону акыркы жолу 29-ноябрда маалымдалган.

Ал эми украиналык Телеграм-каналдар орус армиясы 14-декабрга караган түнү Дунайдагы портторго сокку урганын кабарлашты.

Одесса облусунда дрондордун чабуулунан 11 киши жабыркаганын жана өрт чыкканын Украинанын Өзгөчө кырдаалдар кызматы билдирди. Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы тараткан маалыматка ылайык, түн ичинде 42 дрондун 41и атып түшүрүлдү.

Мындан тышкары орус армиясы түн ортосунда Херсон жана Николаев облустарына С-300 зениттик комплекстеринен алты ракета менен сокку урганы айтылды. Алар жана бир дрон кайда тийгени кабарланган жок.

XS
SM
MD
LG