Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:53

Газа: Израилдин бейшембидеги соккусунда 19 киши каза тапканы кабарланды


Газа, 12-декабрь. 2023-жыл
Газа, 12-декабрь. 2023-жыл

Израил бейшембиде да Газа тилкесин бомбалоону улантты. АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган ХАМАС радикал тобу башкарган анклавдын Саламаттыкты сактоо министрлиги 14-декабрдын таңында израилдик аскерлердин соккуларынан кеминде 19 киши каза тапканын маалымдады.

Бир күн мурда АКШ президенти Жо Байден “туш келди бомбалоолордон” улам Израил эл аралык колдоодон ажырап баратканын айтып, премьер-министр Биньямин Нетаньяхуну сындаган. Бирок өкмөт башчы ХАМАСка каршы согушта “жеңишке чейин” турарын эскертти. Израилдин тышкы иштер министри Эли Коен согуш “эл аралык колдоо менен же ансыз да улана берерин” билдирди.

Газанын 2,2 миллион калкынын 1,9 миллионго жакыны бомбалоо, салгылашуулардан качып, түштүк тарапка жер которгон. Эл аралык уюмдар саламаттыкты сактоо системасы кыйраганын, ооруканалардын көбү жабык турганын, жугуштуу ооорулар жайылып баратканын эскертишүүдө. Рейтер кабар агенттиги Насер ооруканасынын дарыгерлерине шилтеме менен гепатиттин А түрүнө чалдыккан 30 бейтап катталганын билдирди.

Кабар агенттиктери Газанын Саламаттыкты сактоо министрлигине таянып, согуш жүрүп жаткан эки айдан ашуун убакыттан бери 18 миң 600 киши каза тапканын, көбү аялдар менен балдар экенин жазышты.

Израил ХАМАСтын 7-октбярдагы кол салуусунан 1 миң 200 киши набыт болгонун, 240 чакты киши бармытага алынганын билдирген. ЦАХАЛ тилкеде жер операциясы башталгандан бери 100дөн ашуун аскери окко учканын маалымдады.

Ок атуу бир аптага убактылуу токтогондо барымтадагылардын 100дөн көбү бошотулуп, ушу тапта жоочулардын колунда 136 адам калган.

XS
SM
MD
LG